Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун кеңешинин биринчи жыйыны болуп өттү

Новости
27-Июль 2023-ж.
1908

2023-жылдын 27-июлунда Чолпон-Ата шаарында Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахмановдун катышуусунда Кеңештин мүчөсү катары Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Кеңешинин биринчи жыйыны болуп өттү.

Коллегиянын жыйналышынын күн тартибине ылайык, Фондду иш жүзүндө ишке киргизүү боюнча уюштуруу иш-чараларын ишке ашыруу, анын ичинде Фонддун Башкармалыгынын төрагасынын орун басарын дайындоо, Фонд үчүн кызматтык жайды тандоо, Фонддун түзүмү, Фонддун бюджетин каржылоо, Фонддун стратегиясын иштеп чыгуу, Фонддун Кеңешинин иштөө эрежелери, инвестициялык, кредиттик, облигациялык саясат жана тобокелдиктерди тескөө саясаты жана башкалар каралды.

Фонддун Уставынын 8-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Фонддун Кеңешинин төрагасы тарабынан Кыргыз тарабынан Фонддун Кеңешинин мүчөсү – Экономика жана коммерция министринин орун басары К.Ж. Абдрахманов анын орун басары болуп дайындалды.

Ошондой эле, жыйындын алкагында Фонддун кеңеши тарабынан Фонддун башкармалыгына бизнес долбоорлорду кароо жана каржылоо үчүн зарыл болгон ички ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди. Ошону менен бирге Кеңеш жогорудагы тапшырмаларды ишке ашыруу үчүн фондду иш жүзүндө ишке киргизүү боюнча Жол картасын иштеп чыгууну тапшырды.

Маалымат иретинде:

Фонддун кеңеши Фондду башкаруунун жогорку органы болуп саналат, ал анын ишине стратегиялык жетекчиликти жүзөгө ашырат. Фонддун Кеңешинин курамына Кыргыз тараптан 2 (эки) өкүл жана Азербайжан тараптан 3 (үч) өкүл кирет. Фонддун кеңешинин төрагасын Азербайжан Республикасынын Өкмөтү дайындайт. Фонддун кеңешинин төрагасы Кыргыз тарабынан Фонддун кеңешинин мүчөлөрүнүн бирин өзүнүн орун басары кылып дайындайт.

Фонд агроөнөр жай комплекси, тигүү жана текстиль өнөр жайы, кайра иштетүү өнөр жайы, тоо-кен металлургия өнөр жайы, транспорт, турак жай курулушу, соода, энергетика сыяктуу тармактарда кредиттерди берүү жолу менен Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарындагы энергетикалык комплексти, инфраструктураны өнүктүрүү, туризм жана башка секторлордогу өзүн-өзү актоочу долбоорлорду каржылайт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу