Кыргызстан-Кытай соода-экономикалык жолугушуусуна министрдин орун басары Н.Малаев катышты

Новости
26-Июль 2023-ж.
1379

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев 2023-жылдын 26-июлунда өткөн Кыргызстан-Кытай (Цинхай провинциясы) соода-экономикалык жолугушуусуна катышты.

Кытай Эл Республикасынын Цинхай провинциясы менен бул соода-экономикалык жолугушуу «Ысык-Көл-2023» VII Эл аралык экономикалык форумунун алкагында өттү, ал жагымдуу инвестициялык климатты түзүү жана Кыргыз Республикасы менен дүйнө өлкөлөрүнүн экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча күч-аракеттерди бириктирүүгө багытталган. КР Экономика жана коммерция министринин орун басары Н.Малаев Кытай Эл Республикасынын Цинхай провинциясынын делегациясына иш сапары үчүн ыраазычылык билдирип, быйылкы жыл кыргыз-кытай иш-чараларына эң жогорку деңгээлде, аймактар аралык кызматташтык жана бизнес деңгээлинде дагы бай экендигин белгиледи. Белгилүү болгондой, 1994-жылдан бери «Кыргызстан-СУАР КЭР» координациялык тобу аймактар аралык кызматташтык деңгээлинде иштеп, аны КР экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жана КЭР СУАРдын Элдик өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Сун Хунмэй айым жетектеген. 

Соода-экономикалык жолугушуунун жүрүшүндө Тараптар Кыргыз Республикасы менен Цинхай провинциясынын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу