Мамлекеттик турак-жай саясатын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү боюнча Координациялык кеңештин жыйыны жөнүндө

Новости
25-Июль 2023-ж.
1428

2023-жылдын 25-июлунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин төрагалыгы алдында мамлекеттик турак-жай саясатын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү боюнча Координациялык кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жыйындын күн тартибинде тиешелүү долбоорду ишке ашыруу үчүн «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКсы менен инвестордун ортосунда турак жай комплексин долбоорлоо, каржылоо жана куруу боюнча Инвестициялык макулдашуунун долбоорун кароо каралды.


Маалымат иретинде:

Долбоор ачкыч тапшыруу менен көп функциялуу турак жай комплексин курууну карайт. Жалпысынан долбоордун алкагында 40 миң чарчы метр турак жай курулат. Болжолдуу эсептөөлөр боюнча, 2100дөн ашык аз жана орто кирешелүү үй-бүлөлөр турак жай менен камсыз болушат.

Өлкө жарандарын жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм 2021-2026» мамлекеттик турак жай программасынын (мындан ары - Программа) алкагында мамлекеттик турак жайды каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча ар кандай чаралар иштелип чыгууда.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу