Айыл чарбасындагы жаңы мамилелер - жашыл экономиканын негизги фактору

Новости
24-Июль 2023-ж.
1473

Жакында КР экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов менен «Халал индустриясын өнүктүрүү борбору» мамлекеттик мекемесинин директору Алмаз Кайырбековдун чехиялык «Карбонег» компаниясынын өкүлдөрү жана анын башкы директору Вацлав Курел менен жолугушту.

Carboneg регенеративдик айыл чарбасын ишке ашырууга жана алдыга жылдырууга адистешкен алдыңкы европалык компаниялардын бири.

Калыбына келтирүүчү айыл чарбасы же регенеративдик айыл чарбасы келерки жылдарга кыртышы асыл топуракты түзүүнү, биологиялык ар түрдүүлүктү жогорулатууну, экосистемаларды балансташтырууну жана климаттын өзгөрүшүн жумшартууну көздөйт.

Жыйындын негизги максаты айыл чарбасына социалдык инвестиция тартуу, Кыргызстандын регенеративдик айыл чарбасына өтүүнү колдоо болду.

Атап айтканда, Carboneg социалдык долбоору талааларда жана жайыттарда регенеративдик айыл чарба принциптерин колдонуу аркылуу жер кыртышынын асылдуулугун жогорулатуу жана сактоо үчүн фермерлерге колдоо көрсөтүүгө багытталган. Бул тажрыйба топуракка жашоонун кайтып келишине жана табигый асылдуулугунун, кургакчылыкка жана нөшөрлөгөн жаан-чачынга туруктуулугунун, айыл чарба жерлеринин рентабелдүүлүгүнүн жогорулашына алып келет.

Белгилей кетсек, Carboneg долбоору Кыргыз Республикасында Ислам өнүктүрүү банкы менен биргеликте ишке ашырылып жаткан Кыргыз Республикасындагы «Халал эт паркы» долбоорунун максаттарына жана милдеттерине шайкеш келет, анда мал чарбачылыгын өндүрүүнүн жана жаныбарлардан алынган азыктарды кайра иштетүүнүн белгиленген толук цикли менен бирдиктүү өнөр жай аймагын түзүү каралган.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасында «Жайыт жерлеринин деградациясынын деңгээли олуттуу кооптонууну жаратып жатканы белгиленген. Ашыкча жана жөнгө салынбаган мал жаюу жана токойлорду кыюу кыртыштын эрозиясын жаратып, айыл чарбасына таасирин тийгизип, регенеративдик айыл чарба тармагындагы долбоорлорду практикалык ишке ашыруунун башталышы абдан актуалдуу жана суроо-талапка ээ.

Бул долбоордун алкагында жер кыртышын анализдөө иштери жүргүзүлүп, сунуштар берилип, топурак катмарын калыбына келтирүү жана сактоо чаралары көрүлүп, жеке чарбаларга каржылык колдоо көрсөтүлүүдө.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу