Ислам өнүктүрүү банкы менен Өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн иштеп чыгуу жана кызматташуунун актуалдуу маселелери жөнүндө

Новости
24-Июль 2023-ж.
1398

 2023-жылдын 24-июлунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин аянтында министр Данияр Амангелдиев менен Ислам өнүктүрүү банкынын регионалдык директору Ибрагим Али Шукри башында турган Миссиясынын жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар Ислам өнүктүрүү банкы менен кызматташуунун жана өлкөнүн өнөктөштүк стратегиясын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты. Министр Д.Амангелдиев белгилегендей, пландаштырылган стратегиялык документтер Кыргыз Республикасынын жетекчилиги тарабынан белгиленген өлкөдө жүргүзүлүп жаткан масштабдуу экономикалык реформалардын алкагында актуалдуу болууга тийиш, ошондой эле Ислам өнүктүрүү банкынын программалары жана долбоорлору Кыргыз Республикасын 2040-жылга чейин кабыл алынган Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында бекитилген өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарына шайкеш келиши керек.

Мындан тышкары, министр 2040-жылга чейинки Улуттук программанын негизги артыкчылыктуу багыттары энергетика, турак-жай куруу, айыл чарба, транспорт, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана башка тармактар экенин баса белгиледи.

Өз кезегинде Ибрагим Али Шукри Ислам өнүктүрүү банкынын эксперттик миссиясы 2023-жылдын 24-июлунан 28-июлуна чейин болорун жана Ислам өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасы менен Кызматташтык Стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон маалыматтарды чогулта тургандыгын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташууну өнүктүрүү боюнча макулдашышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу