2023-жылдын январь-июнь айларындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана жыл аягына чейинки милдеттер жөнүндө

Новости
20-Июль 2023-ж.
6485

2023-жылдын 20-июлунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйыны болуп, анда 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары каралды. Жыйында геосаясий кырдаалга, энергетикалык ресурстарга дүйнөлүк баанын өсүшүнө, инфляциянын глобалдык мүнөзүнө жана кургакчылыктын таасирине байланыштуу дүйнөлүк экономикадагы олуттуу тобокелдиктерге карабастан, Кыргыз Республикасынын экономикасынын бардык тармактары туруктуу өсүштү көрсөтүп жатканы белгиленди. 


2023-жылдын январь-июнь айларында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин алдын ала эсептөөсү боюнча ички дүң продукциянын көлөмү (мындан ары ИДП) 453,4 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 103,9%ды түздү. (2022-жылдын январь-июнь айында - 105,2%). Мында алтынды эсепке албаганда ИДПнын көлөмү 424,4 млрд сом өлчөмүндө түзүлүп, реалдуу өсүү темпи 105,0%ды түздү. 


Экономиканын өсүшү экономиканын бардык тармактары тарабынан камсыз кылынды: өнөр жайда өндүрүштүн көлөмү 0,5%га, айыл чарбасында 2,5%ке, курулушта 11,2%га, тейлөө тармагында 4,7%ке өстү. 


Мындан тышкары, тышкы соода жүгүртүүдөда  оң динамика байкалууда, анда 2023-жылдын январь-май айларында сырткы сооданын көлөмү 5 162,6 миллион АКШ долларын түзүп, 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 27,9%га өскөн, ал эми товарлардын импорту 29.2%га, экспорт - 21,9%га. көбөйгөн Соода жүгүртүүнүн түзүмүндө экспорт 17,0%ды, импорт 83,0%ды түздү.


Инфляциянын деңгээлин мүнөздөгөн керектөө бааларынын индекси 105,1%ды түздү (2023-жылдын январь-июнь айлары өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу). Инфляциянын орточо жылдык деңгээли (2023-жылдын январь-июнь айлары 2022-жылдын январь-июнуна карата) 112,7%ды түздү. 


Жогорудагы көрсөткүчтөр Министрлер Кабинетинин натыйжалуу ишинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылга экономикалык өсүштү, өлкөнүн финансылык туруктуулугун сактоо, социалдык милдеттенмелерди аткаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2023-жылга карата Иш-чаралар планын кабыл алуусунун аркасындаөлкөнүн экономикалык потенциалын толук ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү жана Кыргыз Республикасынын экономикасынын стратегиялык секторлорун: агроөнөр жай комплексин, энергетиканы, курулушту, тоо кендерин иштетүүнү, транспортту жана жол секторун, туризмди жана тейлөө тармагын өнүктүрүүгө багытталган чараларды ишке ашыруу менен камсыз кылынды.


Экономикалык активдүүлүк экономиканы диверсификациялоого жана инвестициялык потенциалды чыңдоого, ошондой эле өндүрүштүк потенциалды кеңейтүүгө багытталган мамлекеттик демилгелерди ишке ашыруу менен колдоого алынат. Ички суроо-талап жана өз ара сооданын өсүшү оң өсүш темптерин камсыз кылууда. Мындан тышкары, экономиканы стимулдаштыруу жана бизнести колдоо боюнча чакан жана орто бизнеске финансылык жардам көрсөтүү, жеңилдетилген кредиттерди берүү, салыктар жана жыйымдар боюнча төлөмдөрдү кийинкиге калтыруу жана реструктуризациялоо, чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги куралдуу кагылыштан жапа чеккендерге, текшерүүлөргө мораторий киргизилип, субъекттердин салык карыздарын кечүү сыяктуу бир катар чаралар көрүлдү. Кыргыз Республикасынын 2026-жылга чейин бизнести өнүктүрүү программасы кабыл алынган. Өлкөнүн экономикалык потенциалын жогорулатуу жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы Жарлыгы менен өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон улуттук долбоорлор кабыл алынган.


Институционалдык чөйрөнүн сапатын жогорулатуу жана Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында 2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны колдоо жана өнүктүрүү программасы кабыл алынган. 


2023-жылдын 6 айында ФСХ-11ди ишке ашыруунун алкагында 7036 кардарга  3,2 млрд сом бөлүнгөн. Мындан тышкары, агроөнөр жайлык кластерлерди өнүктүрүү максатында жыл сайын 3 млрд сомдон ашык каражат бөлүү менен «Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбоорун ишке ашыруу улантылууда. Бизнеске шашылыш колдоо көрсөтүү максатында үстөксүз кредиттик каржылоо долбоору да активдүү ишке ашырылууда. 


Салык кодексинин жаңы редакциясы күчүнө кирди, ага ылайык жалпы салык режими жана салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы киргизилди. Жалпысынан Салык саясатынын алкагында бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык климатты жакшыртуу аркылуу экономикалык өсүштү стимулдаштырууга багытталган 40 ченемдик-укуктук актылар кабыл алынган.


 Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук тутумун киргизүүнүн алкагында эсепке алынбаган/контрабандалык товарларга карата салыктык көзөмөлдү күчөтүү жана көмүскө жүгүртүүнү кыскартуу боюнча иштер туруктуу негизде жүргүзүлүүдө.


Сапаттын улуттук инфраструктурасын (стандартташтыруу, метрология, шайкештикти баалоо, аккредитациялоо) өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат. 


Негизги тамак-аш азыктарынын баасын көзөмөлдөө боюнча чаралар көрүлүүдө.


Энергетика жана транспорт тармагында инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда. Кыргыз Республикасынын аймагындагы өнөр жай жана өндүрүш ишканаларынын интерактивдүү картасы иштелип чыкты. 


Кыргыз Республикасында экономиканы, башкаруу системасын, билим берүүнү жана социалдык чөйрөнү активдүү санариптештирүү процесси жүрүп жатат. «Санариптик Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформация концепциясы жигердүү ишке ашырылууда, анда электрондук башкарууну ишке ашырууда, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө жана башкаларда маалымат алмашууну камсыздоонун негизги багыттары белгиленген. 


Жогорудагыларды эске алуу менен жана айтылган сын-пикирлерди эске алуу менен, Министрлер Кабинетинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча жыл аягына чейин алдыга коюлган максаттарды камсыз кылуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу