“Аялдардын ишкердиги” аныктамасын мыйзамдык жактан консолидациялоо боюнча кеңейтилген жумушчу кеңешме болуп өттү

Новости
19-Июль 2023-ж.
1591

Кыргыз Республикасында 2022-2026-жылдарга аялдардын ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун алкагында 2023-жылдын 17-июлунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Айнура Усенбекованын төрагалыгы астында "аялдардын ишкердигинин" аныктамасын мыйзамдык жактан консолидациялоо жана Кыргыз Республикасында ишкердик боюнча гендердик дезагрегацияланган статистиканы киргизүү маселелери боюнча кеңейтилген жумушчу кеңешме болуп өттү.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин , Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргызстандарт, ЕРӨБ, “Демилгелүү айымдар” Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү жана гендердик зомбулукту азайтуу Коалициясынын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө төмөнкү маселелер талкууланды:

- "Аялдардын ишкердигин" аныктоонун эл аралык практикасы;

- Азербайжан Республикасынын мисалында Эл аралык стандартташтыруу уюмунун стандартына ылайык "Аялдардын ишкердигин" аныктоонун критерийлери;

- улуттук мыйзамдардын контекстинде Кыргыз Республикасы үчүн "аялдардын ишкердигинин" бирдиктүү аныктамасын иштеп чыгуу үчүн ылайыктуу критерийлер;

- чакан жана орто бизнес боюнча гендердик дезагрегацияланган маалыматтарды берүүнүн эл аралык практикасы жана терминологиясы;

- 2030-жылга чейин Гендердик теңчиликтин Улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасында ишкердикти каржылоо чөйрөсүндө гендердик дезагрегацияланган статистика системасын түзүүгө карата мамилени талкуулоо.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча эл аралык тажрыйбаны талкуулоону жана пикир алмашууну эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү боюнча Консультативдик кеңештин алдында (процессинде түзүү), тартылган мамлекеттик ведомстволор жана бизнес-коомчулук менен биргеликте улуттук шарттарды эске алуу менен «Аялдардын ишкердигинин» макулдашылган аныктамасын түзүү боюнча иш алып барышат.

Ошондой эле, КР Экономика жана коммерция министрлигинин алдында жогоруда аталган Консультативдик кеңеш түзүлгөндөн кийин, ишкердик жана финансылык инклюзивдүүлүк чөйрөсүндө гендердик дезагрегацияланган статистикалык маалыматтарды чогултуу жана талдоо системасын өркүндөтүү маселелерине көмөктөшүү боюнча өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында жана  Министрлик мамлекеттик негизги ведомстволорду тартуу менен тиешелүү ведомстволор аралык жумушчу топту түзүүнү демилгелейт.

Жумушчу топтун негизги милдети болуп ишкердик жана финансылык инклюзивдүүлүк чөйрөсүндө гендердик дезагрегацияланган статистикалык маалыматтарды чогултуу жана аларды андан ары ишке ашыруу боюнча ыкмаларды иштеп чыгуу болот.

Маалымат иретинде:

Кыргыз Республикасында 2022-2026-жылдарга аялдардын ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасына ылайык, “аялдардын ишкердигинин” мыйзамдык аныктамасынын жоктугу жана гендердик статистиканын жоктугу ишканалардын жана уюмдардын жетекчилигинде аялдардын ишкердикке катышуу деңгээлин баалоону кыйындатат. 

"Аялдардын ишкердиги" аныктамасын (аныктамаларын) мыйзамдык жактан бекитүү ишкердик чөйрөсүндө гендердик статистиканын системасын түзүүгө кызмат кылат - гендердик дезагрегацияланган статистиканы чогултуу тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү аялдардын ишкердигин өнүктүрүүнү жөнгө салуучу мыйзамдарды оптималдаштыруу милдеттеринин алкагындагы чаралардын бири болуп саналат. 

2022-2024-жылдарга гендердик теңчиликке жетишүү боюнча иш-аракеттердин улуттук планын ишке ашырууну жакшыртуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы No 513токтому менен бекитилген ишкердик жана финансылык инклюзия чөйрөсүндө гендердик дезагрегацияланган статистикалык маалыматтарды чогултуу жана талдоо системасын өркүндөтүү багыттарынын бири болуп саналат.  


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу