Маданий эс алуу борборунун ачылышы

Новости
18-Июль 2023-ж.
1518

2023-жылдын 15-июлунда Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу “Сказка” каньонунда “Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдо фонду” ачык акционердик коому тарабынан уюштурулган “Royal Gate” маданий эс алуу борборунун расмий ачылыш аземи болуп өттү. 

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, тийиштүү мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдары, туристтик бизнес өкүлдөрү жана жергиликтүү жашоочулар катышты.

“Royal Gate” маданий эс алуу борбору жергиликтүү жана чет элдик туристтер үчүн боз-үйлөрдө эс алуу жана башка атайын тейлөөлөрдү көрсөтөт.

Маданий эс алуу борборунун ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары – Туризм департаментинин директору С.Б. Шатманов уюштуруучуларга  жана катышуучуларга куттуктоо сөзүн жолдоп, маданий эс алуу борборунун ачылышы жергиликтүү туризмдин өнүгүшүнө чоң салым кошоруна ишенерин билдирди.

“Royal Gate” маданий эс алуу борборунун расмий ачылыш аземинин алкагында улуттук этно-оюндарынын көргөзмөсү, улуттук музыкалык программалар уюштурулуп, келген коноктор үчүн лоторея ойнотулду.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу