КР ЭКМ 2023-жылдын 6 айындагы социалдык-эономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктары жана 2023-жылдын 2-жарым жылдыгына карата милдеттери боюнча коллегия болуп өттү

Новости
17-Июль 2023-ж.
1594

2023-жылдын 17-июлунда КР ЭКМ 2023-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыктары коллегия өттү. Коллегияга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президенттик Админстрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров катышты.

Коллегиянын жыйынынын жүрүшүндө министр Данияр Амангелдиев “2023-жлдын 6 айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктары жана 2023-жылдын   2-жарым жылдыгына карата милдеттер” аттуу доклад менен чыгып сүйлөдү. Ал өз сөзүндө белгилегендей “Улуттук статистикалык комитеттин алдын ала маалыматы боюнча 2023-жылдын 6 ай боюнча ички дүң продукциянын көлөмү 453,4 млрд сомду түзүп, 3,9 %га реалдуу өстү (2022-жылдын январь-июнь айларында 105,2 %).

Экономиканын өсүшү экономиканын бардык тармактары тарабынан камсыз кылынды: өнөр жайда өндүрүштүн көлөмү 0,5%га, айыл чарбасында 2,5%га, курулушта 11,2%га, тейлөө тармагында 4,7%га өстү.

Эми экономиканын реалдуу секторлоруна токтолсок, бардык секторлор отчеттук мезгилде өсүү темптерин оң көрсөткүчтөр менен жыйынтыкташты.

2023-жылдын январь-июнь айларында айыл чарбасынын дүң продукциясы 101,8 млрд сом өлчөмүндө өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси 102,5 %ды түздү.

Өнөр жай тармагы жалпысынан 2023-жылдын январь-июнь айларынын жыйынтыгы менен өсүү темптеринин оң динамикасын мүнөздөйт жана 207,0 млрд сомдук продукция өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси 100,4 %ды түздү. Бирок алтынды өндүрүүнү эсепке албаганда өсүү темпи 7,6 %ды түздү.

Энергетикада 2023-жылдын январь-июнь айларында өндүрүштүн көлөмү 25,5 млрд сомду түзүп, газ өндүрүүдө жана газ түрүндөгү отунду бөлүштүрүүдө 1,5 %га кыскаруунун эсебинен 1,0 %га төмөндөдү.

2023-жылдын январь-июнунда электр энергиясын өндүрүү 7583,4 млн кВт саатты түздү, бул 922,2 млн кВт саатка же 13,8 %га көбөйдү.

Курулуш тармагында капиталдык салымдардын көлөмү жогорулоо улантууда. 2023-жылдын январь-июнь айларынын жыйынтыгы боюнча каржылоонун бардык булактарынан негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 47,8 млрд сомду түзүп, 10,4 %га өстү (2022-жылдын январь-июнунда 0,4%га гана өскөн), бул негизинен ички инвестициянын 16,3 %га республикалык бюджеттен капиталдык салымдардын 2,3 эсеге көбөйүүшү менен шартталды. Жыйынтыгында курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 49,4 млрд сомду түзүп, 11,2 %га кескин өстү (2022-жылдын январь-июнунда 2,7 %га өскөн).

Бул тармакта жакында Асман шаарына капсула салуу церемониясы өттү. Эми бул долбоор токтолбостон ишке ашыруу керек, демек бул жылы даярдык иштери башталышы зарыл, анткени айтылган 1 млрд АКШ доллар инвестиция көлөмүнөн бул жылы 100-200 млн АКШ доллары өздөштүрүлсө, экономиканын өсүшүнө кошумча 0,6 % кошот, ошондуктан Курулуш Агенттиги бул иштерди тездетип башташы керек деп эсептейбиз.

Мындан тышкары жакында Сауд фондунан 100 млн кредит келген. Ошол каражаттарды жылдын аягына чейин практикалык ишке өтүү зарыл жана аталган инвестицияны өздөштүрүш керек.

Мындан тышкары бул тармактын көлөмүн толук эсепке алуу менен көрсөткүчтөрүн көбөйтүү үчүн өткөн жылдарда бүткөрүлгөн курулуш объекттерин инвентаризациялоо жана кабыл алуу актысына, объекттердин толук эмес жабдылышына, курулуп жаткан объекттерди инфраструктурага кошуудагы кыйынчылыктарга байланышкан көйгөйлөрдү чечүү боюнча чараларды көрүү зарыл.


Ал эми республиканын баардык региондорунда рыноктук кызмат көрсөтүү боюнча оң динамика байкалып жатат. Жасалып жаткан иштер да аз эмес.

2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын бизнести өнүктүрүү программасы бекитилди, ал өлкөнүн бизнес чөйрөсүн жакшыртууга багытталган. Программа 101 иш-чарадан турат, анын 75и министрликке жүктөлгөн;

Чет өлкөлүк жарандарга «Санарип көчмөн» статусун берүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу боюнча талдоо жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө долбоорду ишке ашыруудагы негизги көйгөйлөр аныкталып, сунуштар берилди жана өзгөртүүлөр киргизилип жатат;

«Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү» долбоорун ишке ашыруу үчүн каржы институттарына 500 миң АКШ долларынан ашык суммага каржылык сунуш иштелип чыкты;

Чакан жана орто ишканаларды жеңилдетилген финансылык ресурстар менен камсыз кылуу максатында Министрлик чакан жана орто ишканаларды жеңилдетилген кредиттөө боюнча “Өнүктүрүү капиталы” программасы иштелип чыкты;


кытайлык China National Heavy Machinery Corporation компаниясы менен «Чакан ГЭС» ортосунда Контракт түзүлдү. Ага ылайык, жакынкы арада Орто-Токой суу сактагычында кубаттуулугу 21 МВт болгон кичи ГЭСтин курулушу боюнча долбоорду ишке ашыруу башталат;

«Бишкек штамптоочу заводуна» продукциянын жаңы түрлөрүн иштеп чыгуу жана заводду масштабдуу техникалык модернизациялоо үчүн 3,8 млрд рубль өлчөмүндө кепилдик берилген;

«Нарын өндүрүш ишканасына» кубаттуулугу 100 МВттан ашык Куланак ГЭСин курууга 88 млн АКШ доллары өлчөмүндө кепилдик берилген;

«Терек-Таш» тарабынан жылына 1,5 млн тонна цемент чыгаруучу цемент заводун куруу долбоорун ишке ашырууга 88 млн АКШ доллары өлчөмүндө кепилдик берилген;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Кыргыз Республикасында автомобиль жана коммерциялык транспорт каражаттарын чогултуу өндүрүшүн уюштуруу жөнүндө макулдашууга кол коюлуп, завод курулуп жатат.

Министр Д.Амангелдиев жылдын аягына чейинки милдеттерге кыскача токтолду.

Анын айтуусунда төмөнкү  милдеттерди аткаруу зарыл:

- экономиканын тармактарын өнүктүрүү боюнча белгиленген чараларды токтоосуз ишке ашыруу, кошумча натыйжалуу чараларды иштеп чыгуу жана белгиленген көрсөткүчтөрдү аткаруу үчүн резервдерди пайдалануу;

- бизнес үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүүнүү эффективдүү улантуу;

- Кумтөрдөн көз карандылыкты азайтуу үчүн башка өндүрүштүн көлөмдөрүн көбөйтүү тууралуу кошумча иш-аракеттерди иштеп чыгуу;

- нефтини кайра иштетүүчү заводдорду туруктуу иштетүү боюнча сырье менен камсыз кылуу жаатында натыйжалуу чараларды көрүү;

- текстиль жана тигүү өндүрүшүнүн өнөр жай зонасын түзүү жана ишке киргизүү боюнча иштерди тездетүү;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети менен бирдикте 2023-жылга белгиленген көрсөткүчтөргө жетишүү үчүн калктын өндүрүштүк ишинин көлөмүн толук эсепке алуу боюнча иштерди жүргүзүү.

Коллегиянын жыйынына катышып, сөз сүйлөгөн Министрлер Кабинетинин төрагасы А.Жапаров министрдин жана анын орун басарларынын баяндамасын эске алып, министрликтин ишин жакшыртуу боюнча өз сунуш-пикирлерин айтып өттү.  Өнүктүрүү фонддорунун ишин алдыга жылдырып, буга жооп бере турган министрдин бир орун басарын бекитсеңер жакшы болмок деген сунушун айтты. Кошуна Кытай өлкөсүн карагылачы. Дүйнөлүк ички дүң продукциясынын 26 пайызын өндүрөт. Мүмкүнчүлүктү туура пайдаланып, биз Кытай  менен соода алакабызды дагы жандандыралы деген пикирин айтты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу