Кыргызстан менен Азербайжандын экономика башчыларынын орун басарлары эки тараптуу фондду ишке киргизүү жөнүндө онлайн жолугушуу өткөрдү

Новости
14-Июль 2023-ж.
1565

2023-жылдын 14-июлунда Министрдин орун басары К. Абдрахманов менен Азербайжан Республикасынын экономика министринин биринчи орун басары Э. Алиев Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (Фонд) иш жүзүндө ишке киришин талкуулады.

Жолугушуунун жүрүшүндө К.Абдрахманов азербайжан тарапка кыргыз тараптан дайындалган Фонддун теңтөрагасы А.Мамбетовду тааныштырды. Ошону менен бирге министрдин орун басары кыргыз тарап Фондду эртерээк ишке киргизүүгө чоң маани берип жатканын белгиледи. Ал Фонддун ишке кириши бизнес түзүмдөрдүн ортосундагы байланышты чыңдап, экономиканын түрдүү тармактарында артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашырууну каржылоо үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачарын баса белгиледи.

Тараптар ошондой эле Фонддун алдында турган артыкчылыктуу милдеттерди макулдашты жана Фонддун ишмердүүлүгүнүн башталышын камсыз кылуу үчүн тыгыз кызматташууну жана маалымат алмашууну макулдашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө Макулдашууну ишке ашыруу боюнча тараптар көрүп жаткан чаралар үчүн бири-бирине ыраазычылык билдиришти.

Маалымат иретинде:

Азербайжан Республикасынын Президенти И.Г.Алиевдин 2022-жылдын 11-12-октябрында Кыргыз Республикасына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлган.

Фонддун максаты - Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, өнөр жайды модернизациялоо жана өнүктүрүү, эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты натыйжалуу пайдалануу жана жогорулатуу.

Кол коюлган келишимге ылайык, Фонд Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарындагы өзүн-өзү актаган долбоорлорду агроөнөр жай комплекси, тигүү жана текстиль өнөр жайы, кайра иштетүү өнөр жайы, транспорт, турак жай курулушу, соода, энергетика комплекси, инфраструктураны өнүктүрүү, туризм жана башка тоо-кен металлургия өнөр жайы сыяктуу тармактарда кредиттерди берүү аркылуу каржылоону ишке ашырат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу