КР ЭКМ министринин орун басары К.Ж.Абдрахманов менен Цзы-Цзинь тоо-кен корпорациясынын жетекчилигинин тоо-кен тармагындагы кызматташуу боюнча жолугушуусу болуп өттү

Новости
13-Июль 2023-ж.
1704

2023-жылдын 10-июлунда КР ЭКМдин аянтында министрдин орун басары К.Ж.Абдрахманов жана Цзы-Цзинь тоо-кен корпорациясынын жетекчилиги: Ван Чун – вице-президент, Ян Фусин – Зи-Цзинь тоо-кен корпорациясынын Эл аралык департаментинин каржы директору жана Вэн Яфен – «Алтынкен» ЖЧКсынын башкы директору менен жолугушуу болуп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин талкуулашты.

Министрдин орун басары акыркы жылдары эки өлкөнүн өнөр жай тармагында кызматташууну жигердүү өнүктүрүүгө кызыгуу артып жатканын белгиледи.

Кытай тоо-кен тармагында олуттуу ийгиликтерге жетишкенин эске алганда, кыргыз тарап үчүн бул өзгөчө мааниге ээ.

Кыргыз Республикасы түзүлгөн соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана эки тарапка тең пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар.

Инвестициялык кооперацияны өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын ичинен ал кайра иштетүү өнөр жайын, анын ичинде тоо-кен тармагын өзгөчө белгиледи.

«Цзы-Цзинь» корпорациясынын вице-президенти Ван Чун мырза өз кезегинде «Цзы-Цзинь» ААК алтын, жез, цинк, литий жана башка кендерди иштетүү, инженердик-техникалык жана прикладдык изилдөөлөрдө жана чалгындоо менен алектенген ири трансулуттук тоо-кен корпорациясы экендигин билдирди. Корпорациянын "А" жана "Н" классындагы акциялары Гонконг жана Шанхай фондулук биржаларында жогору бааланат.

Корпорациянын Кытайдын 15 провинциясында жана 14 чет өлкөдө тоо-кен тармагында маанилүү инвестициялык долбоорлору бар.

2022-жылдын аягында Корпорация Forbs Global 2000 рейтингинде 325-орунга ээ болгон. Дүйнөдөгү алтын өндүрүүчү ишканалардын ичинен ал металл казып алуучу компаниялардын тизмесинде 1- жана 7-орунда турат. 2022-жылга карата Корпорация дүйнөдөгү эң ири 500 компаниянын арасында 407-орунда жана Кытайдагы эң ири 500 компаниянын арасында 53-орунду ээлейт.

Ошондой эле, Цзы-Цзинь тоо-кен корпорациясынын вице-президенти Ван Чун мырза өндүрүштү кеңейтүү үчүн «Алтынкен» ЖЧКсына кошумча инвестиция тартуу пландары менен ой бөлүштү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу