Министр Д.Амангелдиев Азия өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн жаңы директору менен жолугушту

Новости
12-Июль 2023-ж.
1082

2023-жылдын 12-июнунда Министр Данияр Амангелдиев Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин аянтында АӨБнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн учурдагы жана жаңы өлкө директорлору менен жолугушту.

Канокпан Лао-Арая айым АӨБда, атап айтканда, Борбор Азия чөлкөмүндөгү инфраструктура жана транспорттук долбоорлор чөйрөсүндө чоң тажрыйбасы бар өзүнүн мураскери Чжэн Ву мырза менен тааныштырды.

Министр өз кезегинде Ву мырзаны ушундай маанилүү кызматка дайындалышы менен куттуктап, өлкөнүн стратегиялык багыттарынын алкагында АӨБ менен тыгыз өнөктөштүккө жана кызматташуунун темпин жана көлөмүн арттырууга даяр экендигин билдирди.

АӨБ өкүлдөрү ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, чакан жана орто бизнести колдоо, аймактарды өнүктүрүү, жашыл экономиканы өнүктүрүүгө багытталган АӨБнын Кыргыз Республикасы менен өнөктөштүктүн жаңы Стратегиясын бекитүү тууралуу маалымат беришти. Бул багыттар Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан тикелей көзөмөлдөнгөндүктөн, Ву мырза белгилегендей, Кыргыз Республикасынын ЭКМ АӨБнын негизги өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат.

Жыйынтыгында тараптар биргелешкен максаттарга жетүү жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу