Энергетикалык суусундуктарга жарнама кылууга тыюу киргизилди

Новости
12-Июль 2023-ж.
2115

2023-жылдын 3-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Жарнама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул мыйзам менен энергетикалык суусундуктарды жарнама кылууга тыюу киргизилүүдө.


Энергетикалык суусундуктар стимуляторлорду камтыган суу, кант, кофеин, минералдар, витаминдер жана гуарана, таурин, женьшень сыяктуу окшош курамдан турган суусундуктун түрү. Ден соолукка коркунучу, негизинен, курамында   кант жана кофеиндин көптүгүнө байланыштуу. Энергетикалык суусундуктардын айрым түрлөрүнүн бир порциясында  100 мг кофеин камтылган, бул кадимки порциядан (12 мг) 8 эсе көп. Мындай суусундукту ичүүдө кандын кантынын жана артериалдык басымдын жогорулашына алып келет, өзгөчө жашы жете элек өспүрүмдөргө кооптуу. 


Мисалы мындай суусундуктун бир банкасында 27 кашык кант камтылган. Бул суусундуктарды ичүүнү адатка айлантса, жүрөктүн функциясы бузулат. Жүрөктүн согуу ыргагына терс таасир берет. Убакыттын өтүшү менен жүрөк чоңоюп кетиши мүмкүн. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу