Кыргыз Республикасынын жети облусунда 120 ашык санарип QR-коддору иштелип чыкты

Новости
12-Июль 2023-ж.
1475

КРнын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти эл аралык өнөктөш “ACTED” Кыргызстан жана Түркиянын кызматташтык жана координациялоо боюнча агенттиги (TİKA) уюму менен биргеликте Кыргыз Республикасынын жети облусунда 120дан ашык санарип QR коддору менен санариптик туристтик көрсөткүчтөрдү иштеп чыкты.


Учурда санариптик туристтик көрсөткүчтөр жергиликтүү бийлик тарабынан жер-жерлерде монтаждоо, орнотуу иштерин жүргүзүү үчүн аймактарга өткөрүлүп берилүүдө. QR-кодду сканерден өткөрүп, туристтик жай жөнүндө, анын кыскача тарыхы, архитектуралык өзгөчөлүктөрү, саякаттоо маршрутун мерчемдөө жана башкалар жөнүндө маалымат алууга болот. 


QR-коддор туристтерге керектүү маалыматты түздөн-түз мобилдик телефондон алууга мүмкүндүк берет жана туристтик жайларга барууга ыңгайлуу кылат

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу