Пекинде ШКУга мүчө мамлекеттердин Жогорку кызмат адамдарынын комиссиясынын (ЖКАК) 40-жыйыны өтүүдө

Новости
11-Июль 2023-ж.
1179

2023-жылдын 10-июлунан 12-июлуна чейин Кытайдын Пекин шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы экономикалык жана тышкы соода ишине жооптуу министрлеринин кеңешмесине даярдык көрүүнүн алкагында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттердин Жогорку кызмат адамдарынын комиссиясынын (ЖКАК) 40-жыйыны өтүүдө. 

Бул жолугушууда Тараптар соода-экономикалык кызматташтык боюнча бир катар документтерди, атап айтканда,  2023-жылдын күзүндө Бишкекте ШКУнун экономикалык форумунда өтө турган стандартташтыруу, метрология жана шайкештикти баалоо, санариптик соода, ШКУ аймагындагы сатып алуучулар жана сатуучулар үчүн санарип платформасын түзүү, өткөрүү боюнча бир катар документтерди талкуулашат. Мындан тышкары, Тараптар 2023-2025-жылдарга ШКУнун алкагында ички региондук сооданы өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планын, көп тараптуу соода-экономикалык кызматташтык программасын ишке ашыруунун жүрүшүн, ШКУга мүчө-мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын кызмат көрсөтүүлөр соодасы чөйрөсүндөгү кызматташтыгынын негиздерин, жеткирүү чынжырчасы жаатындагы меморандумду, биргелешкен келишимди талкуулашмакчы. 

Бул документтердин долбоорлору ШКУга мүчө-мамлекеттердин тышкы экономикалык жана тышкы соода ишмердигине жооптуу министрлеринин жыйынынын жүрүшүндө, ШКУга мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинде Кыргыз Республикасынын төрагалыгынын алкагында кол коюуга коюлат деп күтүлүүдө. 

Маалымат иретинде:

Жогорку кызмат адамдарынын комиссиясы ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы экономикалык жана тышкы соода ишмердигине жооптуу министрлеринин Кеңешинин чечими менен түзүлгөн.

ЖКАК өз ишин ШКУга мүчө мамлекеттердин көп тараптуу соода-экономикалык кызматташуу программасынын жоболорун ишке ашыруу максатында тышкы экономикалык жана тышкы соода ишмердүүлүгүнө жооптуу ШКУга мүчө-мамлекеттердин Министрлер Кеңешинин алкагында жүзөгө ашырат.

ЖКУнун координациясында транзиттик потенциалды өнүктүрүү, инвестициялык көмөк көрсөтүү, электрондук коммерция, заманбап маалыматтык жана телекоммуникациялык технологиялар, сооданы жеңилдетүү жана бажы кызматташтыгы боюнча атайын жумушчу топтор түзүлдү. ЖалпысынанЖКАКтын 39 жыйыны өткөрүлдү.

Шанхай Кызматташтык Уюму (ШКУ) 2001-жылы 15-июнда Кытай, Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын лидерлери тарабынан негизделген эл аралык уюм. Учурда ШКУга 9 мамлекет толук кандуу мүчө болуп саналат.

ШКУнун Башкы катчысы - 2022-жылдын 1-январынан бери кытайлык саясатчы жана дипломат Чжан Мин.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу