Бишкекте сооданы жеңилдетүү боюнча Улуттук кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү

Новости
10-Июль 2023-ж.
1112

2023-жылдын 7-июлунда Бишкекте Соодага көмөктөшүү боюнча Улуттук кеңештин (мындан ары - Кеңеш) кезектеги жыйыны болуп, анда 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын ишинин жыйынтыктары каралды.

Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев, Кеңештин теңтөрагасы-«Жеткирүүчүлөр (өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлор) ассоциациясынын» президенти Гүлнара Ускенбаева, Кеңештин катчылыгынын мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын 13 министрликтери жана ведомстволору, эл аралык уюмдар - өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, бизнес-коомчулук, академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү катышты.

  Кеңештин жыйынын жүрүшүндө төмөнкү маалыматтар угулду:

-2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында катчылыктын аткарган иштери тууралуу маалымат;

- Мамлекеттик бажы кызматы менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик контролдоочу органдарынын ортосунда алдын ала маалымат алмашуу системасын өнүктүрүү долбоору жөнүндө маалымат;

-Достук-Дустлик постунда кезекти башкаруунун электрондук тутумун киргизүү жөнүндө маалымат;

- Кыргыз Республикасындагы чыгарылыш убактысынын экинчи изилдөөсү жөнүндө маалымат.

Ошондой эле Кеңештин жыйынында төмөнкү меморандумдарга кол коюлду:

Кыргыз Республикасындагы Соодага көмөктөшүү боюнча Улуттук кеңеш менен М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин Илимий-изилдөө университетинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;

 М. Рыскулбекова атындагы Кыргыз Экономикалык Университетинин Илимий-изилдөө университетинин жана «Жеткирүүчүлөрдүн (өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлор) ассоциациясы» ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум. 

Кеңештин жыйынынын жыйынтыгында жыйынтыктоочу резолюция кабыл алынып, кеңештин мүчөлөрү бир добуштан бекитишти.

Маалымат иретинде:

Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 22-ноябрындагы No 183 Мыйзамына ылайык, 2014-жылдын 27-ноябрында Женева шаарында кабыл алынган Дүйнөлүк соода уюмун (ДСУ) түзүү жөнүндө Марракеш макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол ратификацияланды.

Бул Протокол ДСУга мүчө-мамлекеттер тарабынан Сооданы жеңилдетүү жөнүндө Макулдашууну ишке ашырууну карайт, аны аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-июлундагы  №435-токтому менен КР Сооданы жеңилдетүү боюнча Улуттук кеңеши түзүлүп, анын курамы КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын  2022-жылдын 2-сентябрындагы №582-буйругу менен бекитилген.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу