Эл уулунун эстелиги ачылды

Новости
08-Июль 2023-ж.
1542

2023-жылдын 8-июлунда Бишкек шаарынын Эркиндик бульварында өмүр бою өзү иштеген жердин жанында көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Сопубек Бегалиевдин эстелигинин ачылыш салтанаты болду. Эстеликти ачып жатып, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев мына буларга токтолду:

 - Урматтуу салтанаттуу иш-чаранын катышуучулары!

Бүгүн көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Сопубек Бегалиевдин эстелигинин ачылыш аземине катышып жатканым мен үчүн чоң сыймык. Анткени бул адамдын басып өткөн жолу, өрнөктүү өмүрү жаштар үчүн үлгү. Кыргыз экономикасынын гүлдөп өнүгүшүнө кошкон салымы баа жеткис. Анын өмүр таржымалына көз жүгүртсөк, табиятынан тубаса экономист экендиги билинип турат.

Сопубек Бегалиев 1931-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чоң-Таш айылында жарык дүйнөгө келген. 

1954-жылы Москва мамлекеттик экономика институтун аяктап, экономика адистиги боюнча жогорку билим алган. Өзүнүн эмгек жолун Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик планында  улук инженер-экономисти болуп баштаган.

1957-жылдан 1960-жылга чейин Мампландын бөлүмүнүн башчысы боолуп иштеген. 1961-жылдан 1962-жылга чейин Кыргызстан Компартиясынын бөлүм башчысы болгон. 1962-жылы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү чарбасынын министри, 1963-1964-жылдары Коммуналдык чарба министри кызматын аркалаган. 1968-жылга чейин КР Мампланынын төрагасынын 1-орун басары болуп иштеген. 1968-жылдан 1991-жылга чейин КР Министрлер Кеңешинин төрагасынын орун басары. 1991-жылдан 1999-жылга чейин КР экономика боюнча төрагасынын кеңешчиси болгон. 1994-жылдан 2002-жылга чейин Кыргызстан элдери ассамблеясынын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп иштеген.

Андан ары өз сөзүндө ал Сопубек Бегалиевдин  23 жыл бою Республиканын Министрлер Кеңешинин төрагасынын орун басары – Малекеттик пландоо комитетинин төрагасы болуп үзүрлүү эмгектенгенин айтты. С.Бегалиев  Кыргызстандын   экономикалык жана социалдык өнүгүшүнө өзгөчө көңүл бурган. Анын демилгеси жана активдүү катышуусу менен узак мезгилге борбор калаанын комплекстүү өнүгүшүнүн генералдык планы иштелип чыккан. Ушуга ылайык саламаттыкты сакто, маданият, билим берүү обьектилери курулуп, ар түрдүү инфраструктура түзүлгөн. Ошол мезгилде сүйүктүү шаарыбызда ондон ашык кичирайондор, жалпы билим берүү мектептери, ооруканалар, кинотеатрлар, соода жана турмуш-тиричилик борборлору курулуп, байланыш каражаттары жана коммуникация, автомобиль жолдору салынган.

Борбор калаанын маанилүү обьектилери болуп эсептелген “Манас” аэропорту, Кыргыз мамлекеттик драма театры, Улуттук филармония, Спорт сарайы, В.И. Ленин атындагы китепкана, Мамлекеттик цирк, Тарых музейи, мейманканалар, Ош, Аламүдүн. Орто-Сай базарлары жана башка мекеме-ишканалар курулган.

Сопубек Бегалиев Мамлекеттик Пландын төрагасы катары экономиканын реалдуу секторунун өнүгүшүнө көп күч-аракетин жумшаган. Ал өзүнүн ак ниет эмгеги менен артына өлбөс-өчпөс из калтырды. 

Эстеликти ачуу салтанатында мурдагы Кыргыз Республикасынын Министлер Кеңешинин төрагасы Апас Жумагулов жана Сопубек Бегалиевдин жубайы Батый Талиповна мамлекеттик ишмердин бийик адамкерчилик сапаттатарын, күнү-түнү эл үчүн кызмат кылганын сөз кылышты. Ошондой эле Кыргызстан элдери ассаблеясынын төрагасы А.Матубраимов, шакирти, мурдагы транспорт министри С.Аблесов ж.б. сөз сүйлөп, С. Бегалиевдин кыргыз эли үчүн опол тоодой эмгек сиңиргенин эскеришти.

Иш-чаранын соңунда С.Бегалиевдин эстелигине гүлчамбарлар коюлду.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу