Кыргыз делегациясынын Индия Республикасынын өкметунун өкүлдөрү менен консультациялары болду

Новости
07-Июль 2023-ж.
1040

2023-жылдын 6-июлунда Нью-Дели шаарында (Индия) кыргыз делегациясынын Индия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана Индия Республикасынын Экспорттук-импорттук банкынын өкүлдөрү менен консультациялары болуп өттү.

Жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө жана социалдык-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Ошондой эле, эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана долбоорлорун, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Индия Республикасынын Экспорттук-импорттук банкынан 200 млн АКШ доллары өлчөмүндө күтүлүп жаткан кредиттик линия жана тез таасир берүүчү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн гранттык жардам боюнча пикир алмашуу болду. 

Өзгөчө көңүл инвестиция, медицина жана билим берүү тармагындагы өз ара кызматташууга, соода-экономикалык багыттагы маселелерге, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы социалдык жана социалдык өнүгүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууга бурулду.

Өз кезегинде Индия тарап эки тараптуу мамилелердин деңгээлин жогору баалап, Кыргызстанда түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын билдирди.

Тараптар ошондой эле эл аралык жана аймактык платформалардын алкагында диалогду тереңдетүү жана тыгыз өз ара аракеттенүүнү улантуу ниетин билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу