Кыргыз-Бахрейн мамилелери жемиштүү өнүгөт

Новости
07-Июль 2023-ж.
1232

2023-жылдын 6-июлунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев резиденциясы Пекин шаарында жайгашкан Бахрейн Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мохаммед Гассан Мохамед Аднан Шайхо мырза менен жолугушту.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен Бахрейн Королдугунун ортосунда визиттерди уюштуруу жана фундаменталдык келишимдерди жана макулдашууларды түзүү аркылуу Кыргыз-Бахрейн кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты.

Министр Д.Амангелдиев элчиге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан инвестициялык климатты жакшыртуу, жеке сектор үчүн түзүлгөн шарттар, административдик чектөөлөрдү жоюу,  ишкердикти жөнгө салуучу мыйзамдар, инвесторлор үчүн тоскоолдуктарды азайтуу жана жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Министр ошондой эле Бахрейндин жарандары Кыргызстанга 60 күндүк мөөнөткө визасыз кирүү режими бар экенин, бул туризм тармагын өнүктүрүүгө жана эки элдин ортосундагы бир туугандык мамилелерди чыңдоого шарт түзөрүн маалымдады.

Тараптар кызматташуунун башка актуалдуу маселелерин талкуулашты жана эки тараптуу мамилелер мындан ары да прогрессивдүү жана жемиштүү өнүгө берерине ишеним билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу