Мамлекеттер аралык кеңештин 63-жыйынынын жыйынтыгы боюнча стандартташтыруу, метрология, шайкештикти баалоо, аккредитация тармагында 34 маселе каралды

Новости
30-Июнь 2023-ж.
1327

Кыргызстандарттын директору Нурматов Болотбек Асановичтин төрагалыгы алдында өткөн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин кезектеги 63-отуруму ийгиликтүү аяктады.

Иш-чарага Евразия экономикалык комиссиясынын, КМШнын Аткаруу комитетинин, МАК бюросунун өкүлдөрү, Армения,Азербайджан,Беларусь,Казакстан,Молдва,Россия Таджикстан Республикаларынын Стандартташтыруу боюнча улуттук органдарынын делегациялары катышты.

Ошондой эле иш-чарага стандартташтыруу боюнча эл аралык жана аймактык уюмдардын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты:

- Ислам мамлекеттеринин стандартташтыруу жана метрология институтунун (SMIIC) башкы катчысы, Ихсан Овут мырза;

- Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен өз ара аракеттенүү саясаты боюнча Стандартташтыруу боюнча эл аралык уюмдун аймактык координатору Мария Шабалдина айым;

- Түрк Стандарттары Институтунун (TSE) Эл аралык бөлүмүнүн өкүлү Байрам Селам мырза.

Кыргыз Республикасынан КР Экономика жана коммерция министрлигинин, КР МЭК алдындагы Кыргыз аккредитация борборунун, Кыргызстандарттын өкүлдөрү.

Жолугушуунун жүрүшүндө төмөнкү мамлекеттердин өкүлдөрүнүн эки тараптуу жолугушуулары өттү:

- Өзбекстан Республикасынын жана ЕЭКтин делегациялары;

- Азербайжан Республикасынын жана Россия Федерациясынын делегациялары;

- Азербайжан Республикасынын жана Казакстан Республикасынын делегациялары;

- Азербайжан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын делегациялары;

- Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын делегациялары;

- Казакстан, Россия Федерациясы, КМШ ЕК, Стандарттар боюнча бюро, Беларусь Республикасынын делегациялары.

Эки күндүн ичинде стандартташтыруу, метрология, шайкештикти баалоо, аккредитация тармагында 34 маселе каралды. Базалык уюмду түзүү, сапаттуу инфраструктура тармагында адистердин потенциалын жогорулатуу, 2030-жылга чейин МАКин өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруу, эл аралык жана аймактык кызматташтык маселелери, ошондой эле уюштуруу маселелери каралды.

63-жыйындын жыйынтыктоочу документи МАКнин мүчөлөрү кол койгон Протокол болду.

Соңунда төрага Нурматов Болотбек Асанович бардык катышуучуларга аткарылган иштер жана өз ара пайдалуу кызматташууга өбөлгө түзгөн маанилүү документтердин кабыл алынгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу