Кыргыз Республикасын кызыктырган Борбордук Азиядагы сооданы жеңилдетүү маселелери жөнүндө

Новости
29-Июнь 2023-ж.
1295

2023-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Искендер Асылкулов жана Кыргыз Республикасынын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун – GIZ (Германия Федеративдик Республикасы) «Борбордук Азияда сооданы жеңилдетүү» Регионалдык долбоорунун баалоо миссиясы менен жолугушту. 

 Жолугушуунун максаты - Кыргыз Республикасын кызыктырган Борбордук Азиядагы сооданы жеңилдетүү маселелерин талкуулоо, ошондой эле 2024-2026-жылдарга карата бул жаатта мүмкүн болуучу жаңы багыттарды аныктоо.

Жолугушууда ошондой эле төмөнкү мүмкүн болгон багыттар талкууланды:

- соодага көмөктөшүү жол-жоболорун санариптештирүү;

- мамлекеттик органдардын чек арадагы өз ара аракеттенүүсү;

-Транскаспий эл аралык транспорттук маршрутун өнүктүрүү жана башка темалар.

Маалымат иретинде:

GIZ Борбордук Азиядагы сооданы жеңилдетүү долбоору - Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстанда сооданы жеңилдетүү боюнча жардам көрсөткөн аймактык долбоор.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу