Жогорку Кеңеш КР менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы “КР турак жайды каржылоо” долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну ратификациялоону жактырды

Новости
29-Июнь 2023-ж.
1353

“Менин үйүм 2021-2026” программасын ишке ашыруунун алкагында туруктуу негизде колдо болгон финансылык ресурстарды тартуу иштери жүрүп жатат.

2023-жылдын 29-июнунда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Кыргыз Республикасында турак жайды каржылоо” долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору 3-окууда бекитилди.

Бул Макулдашуу Кыргыз Республикасында 100,0 млн АКШ доллары өлчөмүндө турак жай куруу долбоорлорун каржылоо максатында «МИК» ААК үчүн узак мөөнөттүү жана жеңилдетилген финансылык ресурстарды берүүнү карайт.

“Кыргыз Республикасындагы турак жайды каржылоо” долбоорунун максаты – “Менин үйүм 2021-2026” Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик турак жай программасынын катышуучулары болуп саналган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жай куруу. Турак жай программанын катышуучуларына «кийинки сатып алуу менен ижарага алуу» шарттары менен төмөнкү багыттар боюнча берилет: «Социалдык ипотека», «Жеңилдетилген ипотека», «Жеткиликтүү ипотека».

Жалпысынан долбоор Кыргыз Республикасында 174 545 чарчы метр арзан турак жайдын курулушун каржылайт. Болжолдуу эсептөөлөр боюнча 3 миңден ашык аз жана орто кирешелүү үй-бүлөлөр турак жай менен камсыз болушат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу