КМШнын Стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин 63 -жыйыны

Новости
27-Июнь 2023-ж.
959

2023-жылдын 27-июнунан 28-июнуна чейин Бишкек шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекеттер аралык кеңешинин (МАК) 63-жыйыны өтүүдө.

МАКтын алкагындагы иштин негизги багыты сапат инфраструктурасы чөйрөсүндө макулдашылган саясатты түзүү жана ишке ашыруу, анын ичинде өз ара соодада техникалык тоскоолдуктарды жоюу механизмдерин калыптандыруу болуп саналат.

Жыйындын ишине МАК бюросу, Армения Республикасынын, Азербайжан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Молдова Республикасынын, Россия Федерациясынын стандартташтыруу боюнча улуттук органдарынын делегациялары, ЕЭК өкүлдөрү, ошондой эле Ислам мамлекеттеринин стандартташтыруу жана метрология институтунун жетекчилери катышууда.

Жыйындын жүрүшүндө 2022-жылга КМШ ИГУнун ишинин жыйынтыгы чыгарылып, стандартташтыруу, сертификаттоо жана метрология чөйрөсүндөгү көйгөйлүү маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу