«Уруксат берүүчү документтердин бирдиктүү электрондук базасы» тегерек столу жөнүндө

Новости
27-Июнь 2023-ж.
1205

2023-жылдын 27-июнунда Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган Кыргыз Республикасынын Экономика жана Коммерция министрлиги жана Эл аралык Финансы Корпорациясынын (IFC) Кыргыз Республикасында өсүүгө жана инвестициялоого көмөктөшүү долбоору менен биргеликте «Уруксат берүүлөрдүн бирдиктүү электрондук базасы» темасында тегерек стол өткөрүштү.

Министрдин орун басары Айнура Үсөнбекова белгилегендей, ар тараптуу маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын республикалык жана аймактык деңгээлдеги бардык уруксат документтерин автоматташтыруу максатында Уруксаттардын бирдиктүү электрондук реестри түзүлгөн. Реестрди түзүүгө көмөктөшүү Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) Кыргыз Республикасында Өсүү жана инвестицияларды илгерилетүү долбоору тарабынан берилди.

Уруксат берүүнүн бирдиктүү электрондук реестри – бул уруксаттарды алуунун укуктук, процедуралык жана финансылык аспектилери боюнча толук маалыматты камтыган жалпыга маалымдоо базасы.

Бүгүнкү күндө бул Реестрде 450дөн ашык уруксаттар боюнча маалымат камтылган жана маалымат базасы өсүүнү улантууда. Ишке киргизилгенден бери Реестр 20 000ден ашык жолу көрсөтүлгөн.

Реестрге киргизилген бардык маалыматтар кыска мөөнөттө бизнес жүргүзүү үчүн эң керектүү маалыматты алууга мүмкүндүк берүүчү ыңгайлуу форматта уюштурулган. Реестрди колдонуу мамлекеттик органдар менен ишкерлердин ортосундагы байланышты олуттуу кыскартат жана Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү системасын келечектеги ченемдик реформалоо жана санариптештирүү үчүн зарыл маалыматтарды берет.

Акыркы этапта беш уруксат алуу үчүн арыздарды онлайн тапшыруу боюнча иштер жүрүп жатат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу