“Бурана мунарасы” археологиялык-архитектуралык комплексинин аймагында “Тайган Фест” эл аралык этнофестивалы ачылды

Новости
27-Июнь 2023-ж.
1098

2023-жылдын 27-июнунда Бурана мунарасы археологиялык-архитектуралык комплексинин аймагында "Taigan Fest" эл аралык этнофестивалынын ачылышы болду. «Жаштар өнүктүрүү ресурстары» коомдук фондунун, «Кыргыз тайган клубу» коомдук бирикмесинин демилгеси менен бул иш-чаранын уюштуруучулары Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти, Чүй райондук мамлекеттик администрациясы болуп саналышат.

Фестивалды ачып жатып, министр Данияр Амангелдиев бул элибиздин улуу мурасын барктоо, сактоо жана көбөйтүү боюнча дагы бир чоң иш-чара экенин белгиледи.

Бул иш-чаранын максаты - улуттук мурастын элементтерин сактоо, туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, жаңы туристтик продукцияларды жана маршруттарды түзүү.

Бүгүнкү күндө улуттук мурастын элементи катары аңчылык иттердин тукумун сактап калуу зарыл. Буга байланыштуу тайганды эл аралык деңгээлде таанытуу иштеринин алкагында “Тайган кол өнөрчүлүгүнүн билими жана көндүмдөрү” номинациясын ЮНЕСКОнун репрезентативдик тизмесине каттоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин Улуттук тизмеси «Тайган таптоо билими жана көндүмдөрү» жаңы номинациясы менен толукталды.

Ошондой эле, тайганды улуттук байлык катары сактап калуу максатында Улуттук тарых музейи 2022-жылдын 15-30-июнунда “Бабалардын баа жеткис мурасы: Тайган” аттуу тематикалык көргөзмө өткөрдү.

Маалым болгондой, тайгандын байыркылыгы, кыргыз элине таандык экендиги төгүндөлбөй турган фактылар. Биринчиден, 11-кылымда белгилүү чыгыш жылнаамачысы Махмуд Кашгари «Диван лугат ат-Түрк» деген сөздүгүндө түлкү жөнүндө: «Түлкүнү түлкү сүйбөйт» деп жазган. Экинчиден, тайган уруусунун байыркылыгынын далили катары археологдор тарабынан Чүй өрөөнүнөн табылган коло айкелдерди айтсак болот. Окумуштуулар алардын жасалган мезгили X-XI кылымдарга таандык экенин аныкташкан.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу