Жумушчу топ менен Кыргыз Республикасында халал-продукцияны өнүктүрүүнүн негизги багыттары талкууланды

Новости
17-Сентябрь 2015-ж.
2110

2015-жылдын 16-сентябрында Экономика министрлигинде Кыргыз республикасында халал-индустрияны өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун жолугушуусу болуп өттү. Атап айтканда, Каржылоо менен камсыздай турган. донордук уюмдарды тартуу боюнча жана Концепцияны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралардын планын түзүү үчүн пункттарды конкреттештирүү боюнча маселелер талкууланды.
Концепциянын негизги максаты- Кыргыз Республикасында халал-индустрияны өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоо, анын ичинде эл аралык стандарттарга жана талаптарга ылайык. ички сыяктуу эле тышкы да рыноктордо илгерилетүү үчүн экологиялык таза айыл чарба продукциясын жана кайра иштетүү өнөр жай продукциясын өндүрүү үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.

Ошондой эле, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык тармактардын потенциалын чыңдоо боюнча маселелер каралды. ал халал-индустрияны өнүктүрүүнүн, мамлекеттик органдардын кызматчыларынын жана ушул тармактагы өндүрүүчүлөрдүн квалификациясын жогорулатуу, эл аралык жана регионалдык стандарттардын жана аларда ветеринардык, санитардык жана халал стандарттар сактала турган мал союу цехтерин куруунун эл аралык жана регионалдык стандарттарынын талаптары боюнча сыноо лабораторияларын модернизациялоо үчүн негиз болуп саналат.

Жумушчу топтун курамына Кыргыз Республикасынын Диний башкармалыгынын, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын, Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды профилактикалоо жана мамлекеттик санитардык- эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун, Кыргыз аккредитациялоо борборунун, КР УИА биотехнологиялар институтунун малдардын генетика жана морфология лабораториясынын жана К.И.Скрябина атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин өкүлдөрү киришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу