Каза болгон Уразбаев Карим Маджитович, экономист, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министринин мурдагы биринчи орун басары

Новости
19-Июнь 2023-ж.
1289

2023-жылдын 18-июнунда 74 жаш курагында экономист, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министринин мурдагы биринчи орун басары Уразбаев Карим Маджитович дүйнөдөн кайтты.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жамааты экономикалык реформа, экономикалык изилдөөлөр, тышкы экономикалык байланыштарды өнүктүрүү боюнча жумушчу кыргыз сомунун киргизилиши боюнча топтун жетекчиси Карим Маджитовичтин дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу кабарды кайгыруу менен кабыл алышты жогорку авторитеттүү жетекчи, чынчыл жана адилет инсан, өлкөнүн чыныгы патриоту.

Карим Маджитович Уразбаевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Орду толгус жоготуу азабын сиздер менен бөлүшөбүз.

Уразбаев Карим Маджитович 1949-жылы 25-августта Фрунзе шаарында туулган. Экономист, КМУну бүтүргөн (1975). Экономика илимдеринин кандидаты.

Кыргыз ССР Мамлекеттик пландоо комитетинин Экономика жана пландаштыруунун экономикалык-математикалык методдору илим-изилдөө институтунда кенже илимий кызматкер (1970-1973).

СССР Мамлекеттик пландоо комитетинин ондургуч кучтерун изилдоо боюнча советинин аспирантурасынын кундузгу белуму (1973—1976).

Кыргыз ССР Мамлекеттик пландоо комитетинин Экономика жана пландаштыруунун экономикалык-математикалык методдору илим-изилдөө институтунда улук илимий кызматкер (1977-1988).

Өндүргүч күчтөрдү өнүктүрүүнүн жалпы маселелери бөлүмүнүн сектор башчысы (1981).

Жалпы экономикалык жана социалдык проблемалар бөлүмүнүн башчысы (1983).

Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Экономика институтунун директорунун орун басары (1988-1990).

(1990-1991-жылдары) Кыргыз ССР Министрлер Советинин Экономикалык реформа боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасынын орун басары.

Кыргыз Республикасынын Экономика боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары (1991-1992).

Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин биринчи орун басары (1992-1994).

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик комитетинин жана Мүлк фондунун төрагасынын биринчи орун басары (1994-1996).

Кыргыз Республикасынын Финансы министринин биринчи орун басары - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык инспекциясынын директору (1996-1997).

Финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик департаменттин башкы директору (1997-1998).

Коммерциялык банкта башкармалыктын төрагасы (1998-2001).

Кыргыз Республикасынын Президентинин Инвестициялар боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын кеңешчиси (2001-2004).

Транспорт жана өнөр жай камсыздандыруу компаниясынын Москва филиалынын жетекчиси (2004-2005).

«Балык чарбасы чөйрөсүндөгү стратегиялык демилгелер борборунун» УП директорунун орун басары (2005-2008).

Федералдык резерв агенттигинин Айыл чарба илимдери изилдөө институтунун Экономикалык изилдөөлөр бөлүмүнүн башчысы (2009).

«Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Аналитикалык борбору» федералдык мамлекеттик мекемесинин кеңешчиси.

"Профессионал Консалтинг" коомдук фондунун директору.

ПРООНдун консультанты, ЕККУ.

Уразбаев Карим Маджитович менен коштошуу Бишкек шаарында 19-июнда саат 10:00дө, көч. Логвиненко, 19.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу