Кыргызстан менен Орусиянын экономикалык ведомстволорунун жетекчилери соода-экономикалык кызматташуунун келечегин талкуулашты

Новости
16-Июнь 2023-ж.
1139

2023-жылдын 15-июнунда Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Россия Федерациясынын Экономикалык өнүктүрүү министри Максим Решетников менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Тараптар Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында Кыргызстандын патронаждык астында биринчи жолу бизнес чөйрөлөрүнүн “Кыргызстан – Россия” Бизнес диалогу панелдик сессиясын өткөрүп жатканын белгилешти, дүйнөдө бул ири жана маанилүү бизнес-иш-чараларынын бири болуп саналат. Белгилей кетсек, бул “Кыргызстан-Россия Бизнес-диалог” форумунун аянтында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинин колдоосу менен уюштурулган ишкер чөйрөлөрдүн биринчи панелдик сессиясы.  

Тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнү, атап айтканда, 10-кыргыз-орус аймактар аралык конференцияны даярдоону талкуулашты.

Ошондой эле Ысык-Көл облусунда кубаттуулугу 300 МВтка чейинки күн электр станциясын куруу долбоорун (“Unigreen Energy” СК), Төө-Ашуу ашуусундагы альтернативдик тоннелди куруу жана Кыргыз Республикасынын электр тармактарын модернизациялоо («Ташир» СК), биргелешкен үрөнчүлүк жана селекциялык-генетикалык долбоорлорду ишке ашыруу (ГК Русагро), чакан жана орто бизнес корпорациясы менен өз ара аракеттенүү, ошондой эле Ысык-Көл-Тосор спорт борбору эл аралык спорт комплексинин долбоорун ишке ашырууну белгилөө менен инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери каралды.

Мындан тышкары, каржы маселелери боюнча ишти активдештирүү, импортту алмаштыруу, энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле «ВДНХ» АК Кыргыз Республикасынын павильонуна байланышкан маселелерди чечүү маселелерин белгилешти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу