"Конкуренттүү ишкана" беш жылдык долбоорунун жыйынтыгы болуп өттү

Новости
15-Июнь 2023-ж.
1063

2023-жыл, 15-июнь, “Конкуренттүү ишкана” долбоорунун ийгиликтүү соңуна чыгуусун белгилөөгө арналган жыйынтыктоочу иш-чара болуп өттү. Акыркы 5 жылдын ичинде (2018-жылдан 2023-жылга чейин) жүзөгө ашырылып келген долбоор Кыргызстандагы чакан жана орто бизнести колдоого, жумуш орундарын түзүүгө жана үй чарбаларынын кирешесин жогорулатууга багытталган.

Долбоордун колдоосу менен 120 ишкана өндүрүшүн кеңейтип, жаңы рынокторго чыгып, инвестиция тарта алды, ошондой эле, кыргызстандыктар үчүн 28 000ден ашык жумуш орду түзүлдү, анын ичинде 9 миңи туруктуу жумуш орду. Бул ишканалар айыл чарба, тигүү жана тамак-аш өндүрүшү, IT, билим берүү жана башка тармактардагы алдыңкы компаниялардын катарын толуктады.

Жыйынтыктоочу иш-чаранын алкагында долбоордун суктанарлык ийгиликке жеткен өнөктөштөрү сыйлыктар менен белгиленди. 

Бүгүнкү күнү маанилүү, жемиштүү долбоордун жыйынтыгын чыгарып жатабыз. Бул долбоордун ар бир катышуучусуна, ар бир ишкерге, долбоорду ишке ашырган командага ыраазычылык билдирем. Анткени, мындай долбоорлор алдыга умтулган ар бир ишкерге түрткү берет. Андыктан сиздердин ишиңиздерге, арткан ишенимиңиздерге, 5 жыл биз менен болгонуңуздарга терең ыраазычылык билдирем. Долбоорго катышкан өз тармактарында олуттуу натыйжаларга жетишкен бул ишканалар, Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө дагы чоң салымын кошушту”, - деди Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова.

Долбоордун 40тан ашык өнөктөшү өз продукцияларын эл сынына койгон ЭКСПО көргөзмөсү иш-чаранын эң жаркын окуяларынын бири болду десек жаңылышпайбыз. "Аква Сервис" ЖЧКсы (форель жана орус осетр балыгын өстүрүү), "Кыргыз Кашмир" ЖЧКсы (кашмир буюмдарын өндүрүү), Socks Master ЖЧКсы (Lucky Socks креативдүү байпактарын өндүрүү) сыяктуу компаниялар баштаган бул ишканалар, аялдар жана жаштар үчүн жумуш орундарын түзүп, экономиканын өсүшүнө түрткү берет.

Мындан сырткары, долбоордун колдоосу менен өз өндүрүшүн ишке киргизген тогуз кризистик борбордун өнүмдөрү дагы ЭКСПО көргөзмөсүнө коюлду. Турмуштук оор кырдаалга кабылган аялдардын таланты менен жаралып, көз жоосун алган буюмдар иш-чаранын жүрүшүндө элге тартууланды.

Иш-чаранын айрым катышуучулары аялдардын улуттук кийимдеринин уникалдуу коллекцияларын тартуулашты. "Ак-Жүрөк" жана "Аруулан" кризистик борборлорунун техникалык колдоосу менен "Подиум" компаниясы  кыргыз маданиятынын байлыгын чагылдырган коллекциясын көрсөттү. Ала-Бука районунун алыскы Теңги айылынан келген ишкер айым Пардакан Томуева уникалдуу дизайн жана чыгармачылык менен жаралган аялдардын улуттук кийимдер коллекциясын тартуулады. MENIKI бренди менен таанылган "Текстиль Транс" ишканасы, өлкөдөгү текстиль жана тигүү өнөр жайынын өнүгүүсүнүн көрсөткүчү болгон, Кыргызстанда жасалган джинсы шымдардын коллекциясын тартуулады.

Долбоор Кыргыз Республикасындагы USAIDдин колдоосу менен ишке ашырылды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу