Министрдин орун басары К.Абдрахманов Тбилисиде өткөн Борбордук Азия аймактык экономикалык кызматташтык уюмунун жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн жолугушуусуна катышты

Новости
14-Июнь 2023-ж.
948

13-14-июнда Грузиянын Тбилиси шаарында Азия өнүктүрүү банкынын Борбордук Азиянын Регионалдык Экономикалык Кызматташтык (БАРЭК) Программасынын Жогорку Кызматкерлеринин Кеңеши болуп өттү, ага КРдагы БАРЭК программасынын улуттук координатору - Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле БАРЭКке мүчө 11 өлкөнүн жогорку кызмат адамдары катышты.

Жолугушууда БАРЭКке мүчө-өлкөлөрдүн расмий өкүлдөрүнүн ортосунда жетишилген прогрессти карап чыгуу жана келечекте БАРЭКтин программаларын жана иш-чараларын андан ары бекемдөө максатында саясий диалог камтылган. Атап айтканда, төмөнкү маселелер каралды:

- БАРЭК 2030 программасын ишке ашыруудагы прогресс;

- Климаттын өзгөрүү тобокелдиктери БАРЭК аймагындагы финансылык туруктуулукка;

- Соода, туризм жана экономикалык коридорлор. Кыргызстандын шартында бул Алматы-Бишкек экономикалык коридору;

- инфраструктуралык жана экономикалык байланыш;

- Айыл жана суу чарбасы.

Министрдин орун басары К.Абдрахманов азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, айыл чарбасы көз каранды болгон экосистемаларды коргоо, климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту түзүү боюнча аймактык деңгээлде кызматташуунун өзгөчө маанисин белгилеп, ошондой эле климат жана Борбордук Азиянын Регионалдык Экономикалык Кызматташтыгынын туруктуу өнүгүүсү боюнча долбоорлорду даярдоо үчүн Фондду түзүүнүн актуалдуулугун белгиледи. 


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу