Басма сөз билдирүү Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форуму – 23түн иштиктүү программасы

Новости
13-Июнь 2023-ж.
988

2023-жылдын 14-июнунан 17-июнуна чейин Экспофорум көргөзмө жана конгресс борборунда Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форуму өтөт (ПЭЭФ,23).

14-июндагы бизнес-программаны “РОССИЯ – КЫРГЫЗСТАН” бизнес-диалогу тартуулайт (Ф павильону, Ф конференц-зал). https://forumspb.com/programme/business-programme/108297

Заманбап шарттарда орус-кыргыз кызматташтыгы жаңы милдеттердин алдында турат. Биздин өлкөлөр үчүн өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда. Бул иш-чаранын алкагында потенциалын эң натыйжалуу пайдалануу менен эки өлкөнүн эл чарба комплекстеринин заманбап керектөөлөрүнө жооп берген орус-кыргыз кызматташтыгынын келечектүү багыттарын жана долбоорлорун эксперттик талкуулоону уюштуруу пландаштырылууда. Ошондой эле эки тараптуу экономикалык кызматташтыктын өз ара пайдалуу долбоорлорун иштеп чыгууга жана ишке ашырууга көмөктөшүүдөгү улуттук жана эл аралык деңгээлдеги өнүктүрүү институттарынын ролун, ошондой эле тышкы экономикалык кызматташуунун катышуучуларынын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу жана коргоо механизмдерин белгилөө пландаштырылууда. 


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиевдин ачылыш сөзү күтүлүүдө.


Модератор катары алып барат

Владимир Падалко, Россия Федерациясынын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти.

Ошондой эле төмөнкүлөр чыгып сүйлөшөт: Данияр Амангелдиев, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;

Дмитрий Волвач, Россия Федерациясынын Экономикалык өнүгүү министринин орун басары;

Сергей Глазьев, Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (министр);

Данил Ибраев, Кыргыз өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун (КСПП) президенти;

Владимир Компанейщиков, орус-кыргыз ишкерлер кеңешинин төрагасы, «Попов» радиокорпорациясынын башкы директору;

Олег Мельников, Аткаруучу вице-президент – «Газпромбанктын» (акционердик коом) Контракттык банкинг башкармалыгынын начальниги;

Артем Новиков, Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы;

Дмитрий Прохоренко, «Россия Экспорт борбору» АКсынын чет өлкөлүк тармагын өнүктүрүү боюнча директору;

Умбриэль Темиралиев, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктин директору;

Арсений Широковских, «Автомаш-Радиатор» ООО башкы директорунун биринчи орун басары;

Олег Шуткин, «Unigreen Energy» ЖЧКсынын башкы директорунун орун басары, инженердик-генерация бизнес бөлүмүнүн директору.


Эскерте кетсек, бул SPIEF дүйнөдөгү эң ири жана маанилүү бизнес иш-чараларынын бири болуп саналат. 25 жылдан бери Форум туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу максатында дүйнөлүк экономиканын негизги маселелерин талкуулоо жана алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбаларды жана компетенцияларды бөлүшүү боюнча дүйнөлүк алдыңкы платформа статусуна ээ болду.

SPIEF 1997-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет. 2005-жылдан бери Форум Россия Федерациясынын Президентинин колдоосу астында жана катышуусу менен өткөрүлүп келет.

2021-жылы SPIEF коронавирустук пандемиядан улам аргасыз тыныгуудан кийин дүйнөдөгү биринчи жана эң ири бетме-бет бизнес-иш-чара болуп калды жана заманбап санарип технологияларды колдонуу менен өткөрүлдү.

SPIEF 2022 иш-чараларына 130 өлкөдөн 14 000ден ашык адам катышты. Алардын арасында мамлекет жана өкмөт башчылары, ири компаниялардын жетекчилери, ошондой эле академиялык жана жарандык коомдун алдыңкы дүйнөлүк эксперттери бар. 81 мамлекет өзүнүн расмий өкүлдөрүн жөнөттү.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу