Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү Беловодскидеги мектепке чейинки балдар үйүнө барышты

Новости
13-Июнь 2023-ж.
1046

2023-жылдын 13-июнунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Профсоюздук комитетинин мүчөлөрү «Биздин балдар планетанын келечеги!» аттуу жыл сайын өтүүчү бир айлыктын алкагында Москва районундагы Ак-Суу айылындагы Беловодскидеги мектепке чейинки балдар үйүнө барышты. Бүгүн балдар жана мугалимдер менен болгон жолугушууда белектер тартууланып, аларга чың ден соолук, ийгиликтерди каалап, жайкы эс алуу жакшы өтсүн деген маанайда жылуу каалоо-тилектер,  куттуктоолор айтылды. 

Экономика жана коммерция министрлиги жыл сайын демөөрчүлүк кылып, көмөкчү жана атайын мектеп-интернаттарга, карылар үйлөрүнө барып, эң муктаж болгон балдарга керектүү окуу куралдары, канцелярдык буюмдар, идиш-аяк жана гигиеналык буюмдар, тамак-аш, кийим-кече жана башка жардам түрүндө материалдык жана финансылык жардам көрсөтүшөт.

Ошондой эле кичинекей бөбөктөрдүн көңүлүн көтөргөн оюн-зоок программасы тартууланды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу