Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогунда өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатышат.

Новости
16-Сентябрь 2015-ж.
2086
КР Экономика министрлиги учурдагы жылдын 15-сентябрына карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогундагы өткөрүү пункттарындагы жагдай жана Евразиялык экономикалык союзга байланыштуу башка маселелер жөнүндө маалымдайт.

Чек аралык контролдоо маселелери боюнча: 2015-жылдын 11-сентябрынан тартып 14-сентябрына чейин кыргыз тарабынан товарларды жана жүктөрдү алып чыгууда кандайдыр бир тоскоолдуктар жок. Өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатышат.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогунда өткөрүү пункттарында мамлекеттик чек арадан өтүп жаткан жарандардын жана автотранспорттордун КР аймагында топтолушу байкалган жок.

Миграциялык контролдун маселелери боюнча: Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги тарабынан Чүй облусу боюнча 6 контролдук өткөрүү пункттарында кезекчилик уюштурулган (КПП «Ак-Жол», Манас” Аэропорту, КПП Кен-Булуң”, КПП Мост Дунларова” Токмок шаары, Чалдовар а. КПП, Ак-Тилек” КПП)

Бишкек шаарында темир жол вокзалында РФ багытында Бишкектен кетүүчү жана Бишкекке келүүчү поезддердин расписаниесине ылайык кезекчилик уюштурулган.

Маалымат алуу үчүн кайрылган жарандардын ири саны Талас облусунун Чоң-Капка кыргыз-казак чек арасында жана Ош ш. аэропортунда байкалган.

Жарандар ЕАЭС мүчө-мамлекеттердин аймагында ишке орношуу, убактылуу болуу мөөнөтүн жана кара тизмеден” алып салуу маселелери боюнча кайрылышкан. Мындан тышкары, Чоң-Капка” кыргыз-казак чек арасында чектеш эмгек мигранттардын укуктук абалы жөнүндө суроолор көп берилген.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу