Кыргызстандарттын кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке активдүү катышты

Новости
10-Июнь 2023-ж.
1095

2023-жылдын 10-июнунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун кызматкерлери Жаш Гвардия (Маевка айылы) боюндагы шаардык транспорттун акыркы аялдамасынан айланма жолго (Бишкек ш. -Торугарт автожолу) узундугу 2 км чейин ишембилик өткөрүштү.

Тартипти жана тазалыкты калыбына келтирүү максатында аталган аймактын жана ага чектеш аймактардагы таштандылар чыгарылып, арыктар тазаланды.

Эске салсак, жалпы республикалык ишембилик Кыргыз Республикасынын шаарларынын жана айылдарынын аймактарын социалдык инфраструктураны, санитардык абалды жакшыртуу, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында өткөрүлүүдө.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу