ISO 50001 энергияны үнөмдөө боюнча аймактык семинар ийгиликтуу аяктады

Новости
09-Июнь 2023-ж.
845

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору (Кыргызстандарт) Стандартташтыруу боюнча Эл аралык уюм – ISO менен биргеликте уюштурган. ISO 50001 “Энергияны башкаруу системалары.Талаптар жана колдонуу боюнча көрсөтмөлөр” аймактык семинары ийгиликтуу аяктады.

Семинар 2023-жылдын 5-июнунан 8-июнуна чейин болуп өттү буга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түндүк Македония жана Өзбекстан сыяктуу өлкөлөрдөн энергияны үнөмдөөчү тажрыйбаларды жайылтууга жана ишке ашырууга кызыктар болгон ар кандай секторлордун катышуучуларын чогултту.

Семинар практикалык билим берүүгө, тажрыйба алмашууга жана энергияны үнөмдөөнүн негизги аспектилерин талкуулоо үчүн аянтча түзүүгө багытталган. Семинарда энергияны үнөмдөө жаатында чоң тажрыйбасы бар эксперттер өткөргөн түрдүү интерактивдүү иш-чаралар, лекциялар жана практикалык көнүгүүлөр камтылган. Анда имараттарда энергияны үнөмдөө, өнөр жайда энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу, энергиянын кайра жаралуучу булактарын ишке киргизүү, ошондой эле энергияны үнөмдөөчү экономикалык механизмдер сыяктуу маанилүү темалар камтылган.

Семинардын негизги жыйынтыктарынын бири иш-чарадан кийин диалогду жана тажрыйба алмашууну уланта ала турган адистердин жана кызыктар тараптардын тармагын түзүү болду. Бул региондордо энергияны үнөмдөөчү чечимдерди андан ары ишке ашырууга көмөктөшөт жана айлана-чөйрөгө терс таасирин азайтууга алып келет.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу