КР ЭКМ Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугушууда өлкөнүн экономикалык меморандумун иштеп чыгуу боюнча кызматташууну улантууга макулдашты

Новости
09-Июнь 2023-ж.
1186

2023-жылдын 8-июнунда Экономика жана коммерция министрлигинин аянтцында министрдин биринчи орун басары Чоро Сейитов Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Навид Хассан Накви мырза жана Дүйнөлүк банктын Борбор Азия аймагындагы макроэкономика, соода жана инвестиция боюнча  Глобал жетекчиси Антонио Нукифора мырза менен жолугушту. 


Жолугушуунун жүрүшүндө Ч.Сейитов Дүйнөлүк банкка Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экономикалык саясатынын негизги приоритеттүү багыттары боюнча маалымат берди. Учурда өлкөнүн экономикалык саясатынын негизин чарбакер субъекттерди колдоо, экономиканы көмүскөдөн чыгаруу жана каржылоону тартуу аркылуу экономикалык өсүштү тездетүүгө багытталган стратегиялык милдеттерди чечүү болуп саналат.


Өз кезегинде А.Нукифора мырза учурда Дүйнөлүк банктын командасы Кыргызстандын экономикасынын өсүшү үчүн жаңы кыймылдаткыч күчтөрдү түзүү боюнча Өлкөнүн экономикалык меморандумунун (ӨЭМ) демилгесинин үстүндө иштеп жатканын билдирди.


Бул миссиянын алкагында тараптар жеке секторду өнүктүрүүнү тездетүү жана жумуш орундарын түзүү боюнча Кыргызстандын экономикасынын алдында турган милдеттерди талкуулашты, алар 2023-жылдын калган бөлүгүндө ӨЭМде кеңири талдоого алынат. Дүйнөлүк банктын командасы бул аналитикалык отчетту кыргыз кесиптештери менен бирге даярдоого кубанычта болот.


Тараптар бул Экономикалык меморандумду иштеп чыгууда тыгыз кызматташууну улантууну макулдашышты.



Маалымат иретинде:


ӨЭМдин максаты - Кыргыз Республикасында жеке сектордун өсүүсүнө негизги чектөөлөрдү талдоо жана ошону менен Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасы менен түзүмдүк жана институционалдык реформалар программасы боюнча үзгүлтүксүз саясат диалогуна салым кошуп, өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу жана жумуш орундарын көбөйтүү болуп саналат. 



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу