Басма сөз билдирүү : Эл аралык аккредитация күнү

Новости
08-Июнь 2023-ж.
1006

2023-жылдын 9-июнунда саат 10:00дө Экономика жана коммерция министрлигинин Чоң залында Кыргыз Аккредитациялоо Борбору (ККБ) ведомстволордун, шайкештикти баалоо органдарынын, аккредитациялоо боюнча техникалык комитеттер, эл аралык донорлор, техникалык эксперттер жана баалоочулар, аккредитациялоо кеңешинин өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек стол өткөрүүдө.  

2023-жылдын темасы - Аккредитация: Глобалдык сооданын келечегин ачуу. Максаты – аккредитация жана шайкештикти баалоонун технологиялык жетишкендиктерине, керектөөчүлөрдүн жүрүм-турумундагы жана жөнгө салуучу чөйрөдөгү өзгөрүүлөргө, жаңы ишеним механизмдерине жана өзгөрөп жаткан бизнес моделдерине кантип ыңгайлашып жатканына көңүл буруу.

Жыл сайын 2008-жылдын 9-июнунан бери дүйнөлүк коомчулук эл аралык аккредитация күнүн белгилейт. Бул дата 2007-жылдын 30-октябрында Австралиянын Сидней шаарында өткөн ILAC/IAF биргелешкен Башкы Ассамблеясынын жыйынында бекитилген.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу