Экономика жана коммерция министрлигинде Кыргыз Республикасынын Финансы жана экономика кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу жыйын өттү

Новости
07-Июнь 2023-ж.
1195

2023-жылдын 7-июнунда Экономика жана коммерция министрлигинин чоң жыйындар залында Кыргызстандын Финансы жана экономика кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу жыйын болуп өттү.

Министр Данияр Амангелдиев Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин атынан жана жеке өзүнүн атынан экономиканын ардагерлерин, кесиптештерин кесиптик майрамы менен чын жүрөктөн куттуктады.

Министр белгилегендей, биз бул майрамды жыл сайын белгилейбиз жана бүгүн экономиканын бардык тармактарынын, илимий жана билим берүү мекемелеринин финансы-экономикалык кызматкерлеринин өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымынын маанилүүлүгүн белгилегим келет.

Финансы-экономикалык система экономиканын эң татаал жана ошол эле учурда негизги тармактарынын бири болуп саналат жана биздин бүткүл өлкөбүздүн бакубаттуулугу анын ийгиликтүү иштешинен көз каранды.

Бүгүнкү күндө өлкөнү өнүктүрүү белгиленген план боюнча жүрүп жатат. Мамлекеттик органдардын жоопкерчилиги, ишкердик, коомдун кызыкчылыгын коргоо жаңы деңгээлге чыгууда. Санариптик долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында бизнес чындап эле реформаланып, ачык жана айкын иштей баштады. Инвесторлор үчүн шарттар түзүлүүдө, бюрократиялык чыгымдар кыскарууда. Финансы-экономикалык секторлордогу өзгөрүүлөр жыл башында экономиканын өсүшүнө алып келди.

Бардык бул процесстердин байланыштыруучу звеносу бул биздин жакшы координацияланган жана жемиштүү ишибиз, демилгебиз жана патриотизмибиз өлкөдө жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык реформалардын ийгилигине, ошондой эле экономикалык өсүштүн туруктуулугун бекемдөөгө шарт түзүү аркылуу ишкердик жигердүүлүктүн мындан ары өсүшү, инвестицияларды тартуу, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү болуп саналат.

Ал өзгөчө белгилегендей, финансы-экономика тармагында жогорку квалификациялуу, стратегиялык ой жүгүрткөн жана аналитикалык жактан акыл-эстүү жоопкерчиликтүү адамдар иштешет. «Сиздер биздин кыймылдаткыч күчүбүз, өлкөнүн ийгиликтүү экономикалык өнүгүүсүнүн эбегейсиз потенциалы болуп саналасыңар!», - деп баса белгиледи министр.

Ал ошондой эле финансы-экономика тармагынын бардык кызматкерлерине чың ден соолук, бакыт-таалай, тынчтык, туруктуулук жана жаратман эмгекте зор ийгиликтерди каалады.

Андан соң сыйлыктарды тапшыруу аземи өттү.

Көп жылдык жана ак ниет эмгеги, республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон чоң салымы жана «Кыргыз Республикасынын финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү» кесиптик майрамына байланыштуу «Экономиканын отличниги» деген төш белгиси менен:

Максутов Нурбек Бекболотович

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ДСУ маселелери боюнча Женева шаарындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси;

Топчуева Батма Абдимиталиповна

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин аймактар аралык башкармалыгынын Баткен региондук бөлүмүнүн башкы адиси; 

Мурзабаев Мамасабыр Кадыркулович

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин аймактар аралык башкармалыгынын Ош региондук бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

Сыдыков Бакыт Толомушевич

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын саясатты иштеп чыгуу, реформаларды мониторингдөө жана талдоо бөлүмүнүн өнүктүрүү, донордук жана гранттык жардамдарды мониторингдөө боюнча парнерлер менен өз ара аракеттенүү секторунун башчысы;

Макеева Асель Чинарбековна 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы;

Уметалиева Гульбариса Турарбековна

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Ленин району боюнча башкармалыгынын Мониторинг жана талдоо бөлүмүнүн инспектору;

Токсобаева Булата Темирбековича

М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономика университетинин үзгүлтүксүз ачык билим берүү институтунун директору;

Ташбекова Нурбека Кудайбердиевича

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын саясатты иштеп чыгуу, реформаларды мониторингдөө жана талдоо бөлүмүнүн башкы эксперти;

Жолдошова Имарали

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын Кызыл-Кыя финансы башкармалыгынын начальниги.


        Кызматташтыкты чыңдоо ишине кошкон жеке салымы, экономика чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууда жигердүү катышкандыгы үчүн жана «Кыргыз Республикасынын финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү» кесиптик майрамына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин «Кызматташтык салымы үчүн» медалы менен:


Айбашева Жипаркуль     

  Ж. Баласагын атындагы КУУнун Юридикалык факультетинин укук таануу жана бажы иши кафедрасынын доценти.


Узак мезгилдердеги таза иши, кесиптик чеберчилиги, кызматтык ишиндеги жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендиги, экономиканын өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымы жана «Кыргыз Республикасынын финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү» кесиптик майрамына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин III даражадагы «Эмгек сиңиргени үчүн» медалы менен:


Димитерко Сергей Михайлович 

-      Кыргыз Республикасынын Экономика

        жана соода министрлигинин 

        Стандартташтыруу жана метрология

        борборунун Кара-Балта тейлөө борборун

        техникалык тейлөө секторунун башчысы



    Республиканын экономикасын өнүктүрүүгө жигердүү катышкандыгы үчүн жана «Кыргыз Республикасынын финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү» кесиптик майрамына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Ардак грамотасы менен:

Арыкова Бактыгуль Бейшеналиевна

  укуктук колдоо жана экспертиза башкармалыгынын чечимдердин долбоорлорун даярдоо секторунун башчысы;

Бексултанов Эрмек Токтосунович

  тышкы жардам башкармалыгынын гранттык жана техникалык жардамдарды координациялоо бөлүмүнүн башчысы;

Орозбакова Салтанат Асанкуловна

   иш кагаздарын жүргүзүү жана аткарылышын контролдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

Кулматова Гульсина Усеновна

   өнөр жай башкармалыгынын АТБ секторунун башчысы;

Атакулова Айгуль Болотбековна

   өнөр жай башкармалыгынын өнөр жай бөлүмүнүн башкы адиси;

Усупова Азима Темиркуловна

   финансылык пландаштыруу жана эсепке алуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

Матаева Сезим Эсенбековна

  ЕАЭБ координациялоо башкармалыгынын ЕАЭБ менен иштөө боюнча бөлүмүнүн башчысы;

Шаменова Кундуз Шаменовна

  ЕАЭБ координациялоо башкармалыгынын ЕАЭБ менен иштөө боюнча бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

Бакенов Улукбек Медебекович

  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин бөлүм башчысы;

Корголдоева Анаркан Маматовна 

  Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин аймактар аралык башкармалыгынын Жалал-Абад региондук бөлүмүнүн башкы адиси;

Баймырзаева Айгул Масалбековна

   К. Ш. Токтомаматова атындагы эл аралык университетинин экономика, бухгалтердик эсеп, отчеттуулук жана финансы бөлүмүнүн башчысы;

Джайлообаева Жылдыз Станкуловна

  Бишкек шаарынын мэриясынын башкы бухгалтери;

Кадоева  Жайлоо Амиркуловна

  Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин окуу борборунун башкы адиси;

Нагаева Гулира Кубанычбековна

  Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин окуу борборунун башкы адиси;

Касымкулова Чинара Амангельдиевна

   А. Токтоналиев атындагы Бишкек шаарынын финансы-экономикалык техникумунун мугалими;

Ли Джонгсу мырза

  Кыргыз Республикасындагы Корея эл аралык кызматташуу боюнча агенттигинин (KOICA) директору;

Сыдыгалиев Азамат Маратович

  Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын саясатты иштеп чыгуу, реформаларды мониторингдөө жана талдоо бөлүмүнүн өнүктүрүү, донордук жана гранттык жардамдын мониторинги боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү секторунун эксперти;

Керимджанов Рахимбек Айбекович

  Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдери бөлүмүнүн эксперти;

Нурдин кызы Салтанат 

  Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин финансылык пландоо жана материалдык камсыздоо башкармалыгынын начальниги;

Музуратбеков Санжарбек Жаныбекович

  Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин финансылык пландоо жана материалдык камсыздоо башкармалыгынын башкы адисинин милдетин аткаруучу;

Арабаева Айзат Матаевна 

  Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин экономикалык мыйзамдар башкармалыгынын экономикалык мыйзамдар жана ЕАЭБ маселелери боюнча бөлүмүнүн башкы адиси.


    Ак ниет эмгеги жана «Кыргыз Республикасынын финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү» кесиптик майрамына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Ыраазычылык каты менен:


Голубева Валентина Владимировну

    Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин окуу борборунун окуу бөлүмүнүн башчысы;

Осмонова Нурийла Маматаевна 

  Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин окуу борборунун кадр маселелери боюнча жетектөөчү адиси;

Канокпан Лао-Арайа айым

  Азия өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы туруктуу Өкүлчүлүгүнүн директору;

Суюнбаев Элдияр Мелисович

  макроэкономикалык саясат башкармалыгынын экономика секторлорунун макроэкономикалык талдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

Мусаканов Максат Омурбекович

   укуктук колдоо жана экспертиза башкармалыгынын чечимдердин долбоорлорун даярдоо секторунун жетектөөчү адиси;

Кунтубаев Азим Тологонович

  мамлекеттик менчик саясаты башкармалыгынын банкроттук саясат секторунун башкы адиси;

Дженышбеков Айбек Русланович

  бизнес-чөйрө саясаты башкармалыгынын ЛРС жана кызмат көрсөтүүлөр рыногун өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

Алиева Жанар Абдыралиевна 

  иш жүргүзүүчү;

Жумабеков Адилет Бактыбекович

  иш жүргүзүүчү;

Бейшеева Чолпон Султановна

  А. Токтоналиева атындагы Бишкек шаарынын финансы-экономикалык техникумунун мугалими;

Закенаев Кубанычбек Акимгазиевич

  маалыматтык коопсуздук боюнча көз карандысыз эксперти;

«Apart Group» архитектура жана дизайн студиясы          

   


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу