Министр Д.Амангелдиев Кыргызстандын бардык финансы жана экономика кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайт

Новости
07-Июнь 2023-ж.
965
Урматтуу кесиптештер, экономиканын ардагерлери, сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!


Бул майрамды биз жыл сайын белгилейбиз жана бүгүн биз экономиканын бардык тармактарынын, илимий жана окуу жайларынын финансы-экономикалык кызматкерлеринин өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымынын маанилүүлүгүн белгилегим келет.


Финансы-экономикалык система экономиканын эң татаал жана ошол эле учурда негизги тармактарынын бири болуп саналат жана биздин бүткүл өлкөбүздүн бакубаттуулугу анын ийгиликтүү иштешинен көз каранды.
Бүгүнкү күндө өлкөнү өнүктүрүү белгиленген план боюнча жүрүп жатат. Мамлекеттик органдардын жоопкерчилиги, ишкердик, коомдун кызыкчылыгын коргоо жаңы деңгээлге чыгууда. Санариптик долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында бизнес чындап эле реформаланып, ачык жана айкын иштей баштады. Инвесторлор үчүн шарттар түзүлүүдө, бюрократиялык чыгымдар кыскарууда. Финансы-экономикалык секторлордогу өзгөрүүлөр жыл башында экономиканын өсүшүнө алып келди.


Бардык бул процесстердин байланыштыруучу звеносу бул биздин жакшы координацияланган жана жемиштүү ишибиз, демилгебиз жана патриотизмибиз өлкөдө жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык реформалардын ийгилигине, ошондой эле экономикалык өсүштүн туруктуулугун бекемдөөгө шарт түзүү аркылуу ишкердик жигердүүлүктүн мындан ары өсүшү, инвестицияларды тартуу, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү болуп саналат.


Ушуга байланыштуу финансы-экономика тармагында чынчыл жана жоопкерчиликтүү, жогорку квалификациялуу, стратегиялык ой жүгүрткөн жана аналитикалык акыл-эстүү адамдар иштешин баса белгилегим келет. Сиздер биздин кыймылдаткыч күчүбүз, өлкөнүн экономикасын ийгиликтүү өнүктүрүүнүн эбегейсиз зор потенциалы болуп саналасыздар!


Учурдан пайдаланып, бүгүнкү күндө финансы-экономикалык чөйрөнүн бардык кызматкерлерине чың ден соолук, бакыт-таалай, тынчтык, стабилдүүлүк жана  жаратман эмгекте чоң ийгиликтерди каалайм!


Кыргыз Республикасынын
Экономика жана коммерция министри                       Д. Амангелдиев
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу