ЭКМ башчысынын орун басары ЕРӨБнын жетектөөчү аймактык экономисти менен жолугушууда Кыргыз Республикасынын экономикалык саясатынын негизги артыкчылыктуу багыттарын талкуулады

Новости
02-Июнь 2023-ж.
963

Кыргыз Республикасы менен ЕРӨБ жакынкы 5 жылдык өнөктөштүк стратегиясын иштеп чыгуу максатында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов менен Европа реконструкциялоо банкынын (ЕРӨБ) жетектөөчү аймактык экономисти Эрик Ливни мырза менен жолугушуусу болуп өттү.

Ливни мырза ЕРӨБ Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан реформаларга мониторинг жүргүзүп жатканын жана аларды ишке ашыруу темпин оң баалай турганын билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын экономикалык саясатынын негизги артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Учурда өлкөнүн экономикалык саясатынын негизин чарбакер субъекттерди колдоо, экономиканы көмүскөдөн чыгаруу жана каржылоону тартуу аркылуу экономикалык өсүштү тездетүүгө багытталган стратегиялык милдеттерди чечүү саналат. Өз кезегинде Е.Ливни белгилегендей, банктын Кыргыз Республикасынан келген кардарлары өкмөт жүргүзүп жаткан реформаларды колдойт.

К.Абдрахманов макроэкономикалык көрсөткүчтөр жана жүргүзүлүп жаткан реформалар менен тааныштырып, ошондой эле чакан жана орто бизнес, креативдүү экономика, жашыл экономика, энергиянын кайра жаралуучу булактарын ишке ашыруу долбоорлорун ишке ашыруу экономиканы өнүктүрүүнүн маанилүү багыттары экенин белгиледи. Стратегияны иштеп чыгууда климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга, сууну жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга өзгөчө көңүл буруу зарыл, анткени климаттын өзгөрүшүнүн терс таасирлери Борбордук Азия чөлкөмүндө байкалууда.

Тараптар ошондой эле өнөктөштүктүн жаңы стратегиясын иштеп чыгууда тыгыз кызматташууну улантууну макулдашты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу