Министрдин орун басары К.Абдрахманов АӨБ өкүлдөрү менен агрологистикалык жана дүң-чекене соода борборлорун куруу боюнча жолугушту

Новости
02-Июнь 2023-ж.
1021

Министрдин орун басары Канат Абдрахманов Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолугушуп, “Климатка туруктуу айыл чарбасында кошумча нарк чынжырларын өнүктүрүү” долбоорун талкуулады.

Азия өнүктүрүү банкынын атынан Жаратылыш ресурстары жана айыл чарба боюнча экономист Жиаб Мин Буй мырза учурда долбоордун концепциясы боюнча буга чейинки консультацияларды эске алуу менен макулдашуулар түзүлүп, айланма фонд механизми киргизилгенин билдирди.

Долбоордун максаты айыл жеринде өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу жана киреше алып келүүчү иш-чараларды түзүү аркылуу жакырчылыкты азайтуу болуп саналат. Бул долбоордун алкагында АӨБ жеке секторду каржылоо үчүн өлкөнүн финансы институттары аркылуу айланма фонд механизмин колдонуу менен Кыргыз Республикасына 40 миллион доллар бөлүүнү пландаштырууда. Бул каражаттар жашылча-жемиш секторунун кошумча нарк чынжырчасындагы ишканаларды насыялоого, транспорттук муздаткычтарга, муздаткыч кампаларга, баштапкы технологиялык жабдууларга, агрологистика жана дүң-чекене соода борборлоруна, ошондой эле кампалар сыяктуу тиешелүү негизги фонддорго жумшалат. 

Министрдин орун басары белгилегендей, жүгүртүү фондун түзүү учурда абдан маанилүү жана актуалдуу чечим болуп саналат. Ал эми долбоордун коммерциялык банктар аркылуу ишке ашырылышы айыл чарбанын да, каржы тармагынын да өнүгүүсүнө шарт түзөт. Ошондой эле бул долбоордо климатка багытталган технологиялар жана чечимдер да колдонулаары белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында долбоордун акыркы долбоорун кийинчерээк  тез арада бекитүү жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу