Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы суу тазалоочу курулмаларды камсыздоо, муниципалдык инфраструктураны модернизациялоо жаатында кызматташуунун келечеги жөнүндө

Новости
02-Июнь 2023-ж.
1228

2023-жылдын 1-июнунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Шандор Дороги менен жолугушту.

К.Абдрахманов эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин жогорку деңгээлин, ошондой эле бизнес чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташуунун өнүгүүсүндөгү оң динамикасын белгиледи.

Ошону менен бирге министрдин орун басары Венгрия-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунун инвестиция тартуу жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу аянтчасы катары маанилүү ролун белгилеп, фонд чакан жана орто өнүктүрүүгө гана эмес, Кыргыз Республикасындагы бизнести, ошондой эле жалпысынан эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө чоң салым кошот деген ишенимин билдирди.

Министрдин орун басары ошондой эле Кыргыз-Венгрия өнүктүрүү фондунун жаңы дайындалган төрагасы Улан Сарбановду тааныштырып, анын Кыргыз Республикасынын банк-финансы тармагындагы бай тажрыйбасын белгиледи, бул фонддун ишин дагы сапаттуу жана жаңы деңгээлге чыгараары шексиз.

Жолугушууда ошондой эле суу чарба, ирригациялык системаны жакшыртуу, энергетика, айыл чарба маселелерин сөз кылышты.

Ошону менен бирге бул маселелерде Венгриянын бай тажрыйбасын эске алуу менен суу тазалоочу курулмаларды жеткирүү, венгриялык технологияларды колдонуу менен муниципалдык инфраструктураны модернизациялоо жаатында кызматташуунун конкреттүү перспективалары талкууланды.

Өз кезегинде элчи кыргыз тарапка эки тараптуу мамилелерди, анын ичинде акыркы жыйыны 2021-жылдын 16-ноябрында Будапештте (Венгрия) өткөн Экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-венгер комиссиясынын алкагындагы аракеттери үчүн ыраазычылык билдирди.

Жыйынтыгында Тараптар мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишенимин билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу