Экономика жана коммерция министрлигинин башчысы АӨБ директору менен жолугушуп, Кыргыз Республикасындагы ишинин жыйынтыгын чыгарды

Новости
01-Июнь 2023-ж.
957

2023-жылдын 1-июнунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин аянтында министр Данияр Амангелдиев жана министрдин орун басары Канат Абрахманов Азия өнүктүрүү банкынын (мындан ары - АӨБ) Кыргыз Республикасындагы директору Канокпан Лао-Арая айым менен Кыргыз Республикасындагы миссиясынын жыйынтыгын чыгаруу үчүн  жолугушту. 

Д.Амангелдиев белгилегендей, мамлекеттик реформалар, кризиске каршы чаралар жана инфраструктурада, соодада, жеке сектордо долбоорлорду ишке ашырууда, бюджеттик колдоодо АӨБ тарабынан эки жарым жылдын ичинде кызматташууга багытталган долбоордук портфелди чыңдоонун эсебинен Кыргыз Республикасындагы долбоорлорго инвестициянын көлөмүн 361 миллион АКШ долларына чейин көбөйтүүгө мүмкүн болду.

Ошондой эле, тараптар Азия өнүктүрүү банкы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы кызматташуунун негизги артыкчылыктуу багыттарын чагылдырган 2023-2027-жылдарга өнөктөштүктүн Өлкө стратегиясын талкуулашты.

Канокпан айым АӨБ долбоорлорун макулдашуу жана ишке ашыруу процессинде туруктуу колдоосу үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрине ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде министр Д.Амангелдиев Канокпан айымдын өлкө экономикасын өнүктүрүүгө кошкон жеке салымын белгилеп, жаңы кызматында ийгиликтерди каалады.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу