JICA менен техникалык кызматташтыктын алкагында биргелешкен координациялык комитеттин кезектеги жыйыны жөнүндө

Новости
01-Июнь 2023-ж.
1083

2023-жылдын 26-майында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Назарбек Малаевдин катышуусунда Япониянын JICA Эл аралык кызматташтык агенттиги менен техникалык кызматташуунун алкагында биргелешкен координациялык комитеттин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Белгиленгендей, долбоордун максаты – ЕАЭБдин техникалык регламенттерине ылайык жүгүртүүгө чыгарылган сүт жана сүт азыктарынын сапатына жана коопсуздугуна баа берүү тутумун бардык кошумча нарк чынжырчасы боюнча өркүндөтүү.

Жолугушууда долбоордун учурдагы ишмердүүлүгүнүн маселелери, долбоорду мындан ары ишке ашыруу пландары, Японияда өткөрүлгөн техникалык окуу боюнча лабораториялар жана ХАССП боюнча жумушчу топтордун презентациялары талкууланды.

Баалоо миссиясынын жыйынтыгы боюнча долбоордун ишмердүүлүгү оң бааланды.

Учурда Кыргызстандын 314 ишканасы ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагы аркылуу контролдонуучу товарларды өндүрүүнү, кайра иштетүүнү жана сактоону жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын уюмдарынын жана жактарынын реестрине киргизилген, анын ичинен 37 ишкана сүт жана сүт азыктарын өндүрөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу