Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Германия Өкмөтүнүн ортосунда каржылык кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду

Новости
01-Июнь 2023-ж.
1502

2023-жылдын 1-июнунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин аянтында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы каржылык кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү.

Бул келишим энелердин жана ымыркайлардын өлүмүн кыскартууга, ошондой эле Бишкек шаарында жана аймактарда медициналык тейлөөнүн шарттарын жана сапатын жакшыртууга чоң салым кошот. Келишимдин суммасы 4 500 000 еврону түзгөн. Бул каражаттардын алкагында учурдагы жана пландаштырылган инфраструктуралык долбоорлорду, атап айтканда, Бишкек, Ош жана Талас шаарларындагы Перинаталдык борборлорду куруу жана жабдуу, ошондой эле Бишкек шаардык кургак учукка каршы ооруканасын жабдуулар менен камсыздоо пландаштырылууда.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев куттуктоо сөзүндө Германия 30 жылдык кызматташуунун алкагында экономиканы туруктуу өнүктүрүү жана саламаттыкты сактоо  секторлорунда долбоорлорду ишке ашырып келе жаткан өнүгүүнүн негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин белгиледи. Германия Өкмөтүнүн колдоосунун аркасында көптөгөн долбоорлор ишке ашырылды, алардын жыйынтыгы жаңы жумушчу орундарын түзүү, калктын кирешелеринин өсүшүн камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын экономикасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат. 

Өз кезегинде Габриэла Геллил айым Германиянын атынан Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнө жана жалпы гүлдөп-өнүгүшүнө каалоолорун билдирди. Геллил айым жашыл экономикага өтүүдөгү ырааттуу иш-аракеттерди жана жетишкендиктерди жогору баалады. Ал ошондой эле саламаттыкты сактоо тармагы абдан маанилүү экенин жана Германиянын бул тармакты өнүктүрүүгө кошкон салымы учурдагы чакырыктарга жооп берерин белгиледи. Сөзүнүн аягында Геллил айым аймактык жана тематикалык долбоорлордун жана программалардын алкагында үзгүлтүксүз жемиштүү кызматташууга чакырды.


Жолугушуунун жүрүшүндө Тараптар Европа Биримдиги аркылуу кызматташуунун жаңы форматынын оң динамикасын жана келечегин белгилешти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу