Басма сөз билдирүү

Новости
31-Май 2023-ж.
909

2023-жылдын 1-июнунан 3-июнуна чейин саат 10:00дө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин чоң жыйындар залында “Кыргыз Республикасында OIC/SMIIC эл аралык  стандарттарына ылайык халал индустриясы чөйрөсүндө адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу” деген темада семинар өтөт. 

Семинардын алкагында Түркия Республикасынын SMIIC Ислам өлкөлөрүнүн Стандарттар жана метрология институтунун эксперттери «Адал тамак-аш азыктарына жалпы талаптар», «Халал» сертификаттоо органдарына талаптар» жана «Халал туристтик кызмат көрсөтүүлөр» деген темада тренингдерди өткөрүшөт. 

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдарынын, уюмдардын жана халал (адал) продукциясын өндүрүүчүлөрдүн өкүлдөрү катышат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу