Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин жаңы орун басары Самат Шатманов тааныштырылды

Новости
29-Май 2023-ж.
1431

Бүгүн, 2023-жылдын 29-майында, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Борбордук аппаратына министрдин жаңы орун басары Самат Шатманов тааныштырылды.

Тиешелүү №253 буйрукка 2023-жылдын 26-майындагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. 

Жаңы орун басарды тааныштырып жатып, министр Данияр Амангелдиев белгилегендей, Шатманов Самат Бектурович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары – КР ЭКМ алдындагы Туризм департаментинин директору болуп дайындалды.

Министрдин айтымында, заманбап шарттарда туризм тармагы тездетилген темп менен өнүгүп жатат. Республиканын ички жана эл аралык туризмди өнүктүрүү үчүн жогорку потенциалы бар. Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын алкагында туризм улуттук экономиканын артыкчылыктуу тармактарынын бири катары таанылган.

Ошондой эле министр Д.Амангелдиев министрдин орун басары кызматында С.Шатмановго мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу