Басма сөз билдирүү

Новости
29-Май 2023-ж.
889

2023-жылдын 29-майында саат 14:00дө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин чоң залында Евразия экономикалык биримдигинин күнүнө арналган тегерек стол өткөрүлөт.

Тегерек столдун алкагында ЕАЭБ алкагында экономика, өнөр жай, соода ж.б. тармактардагы актуалдуу маселелерди талкуулоо пландалууда.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү катышат.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 27-майында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери Евразия экономикалык биримдигинин күнүн ал жыл сайын 29-майда белгилөөнү чечишкен.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу