Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу боюнча Өкмөттүн акселераторлор программасын ишке ашыруу жөнүндө

Новости
25-Май 2023-ж.
754

Өлкөнүн Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тапшырмаларына ылайык, 2023-жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу боюнча  “Өкмөттүн акселераторлор” программасын ишке ашыруу башталды.


Бул программа пилоттук долбоор болуп саналат жана 100 күндүн ичинде Бишкек шаарынын эки районунда (Биринчи Май жана Ленин райондорунда), б.а. 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө 250дөн ашык мектепке чейинки кызмат көрсөтүүчү жеке ишкерлер катталып, анда 4 миңден ашык баланы кабыл алуу пландалууда.


Бул программаны ишке ашырууну камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2023-жылдын 4-апрелиндеги буйругу менен мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү жеке ишкерлерди каттоонун методикасын (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү.


Ведомстволор аралык жумушчу топту КР Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова жетектейт.


Ведомстволор аралык жумушчу топтун курамына төмөнкү органдардын өкүлдөрү кирди:

- Билим берүү жана илим министрлиги;

- Саламаттык сактоо министрлиги;

- Экономика жана соода министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети

- Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;

- Мамлекеттик салык кызматы;

- Социалдык фонд;

- Бишкек шаарынын мэриясы;

- укуктук жана социалдык маселелер боюнча эксперттер.


Аталган ведомстволор аралык жумушчу топтун ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын кароосуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун даярдап, Кыргыз Республикасынын «Мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө ишкердикти өнүктүрүү жана балдарды мектепке чейинки билим берүүгө тартууга көмөктөшүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө» белгиленген тартипте киргизди.


Ошону менен бирге ЭКМ, Билим берүү жана илим министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте «Мамлекеттик тездеткичтер» программасын ишке ашыруунун алкагында жеке ишкерлерди турак жайларда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдө окутуунун, аттестациялоонун жана кабарлоонун тартибин бекитүү тууралуу» ведомстволор аралык буйрукка кол коюлду.

Ошондой эле, КР ЭКМ кызматкерлери Бишкек шаарынын Биринчи Май жана Ленин райондорунда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүү боюнча жеке ишкерлик менен алектенүүнү каалаган жарандар үчүн окууларды өткөрүүгө активдүү катышууда.


Маалымат иретинде:

Жеке ишкерлик менен алектенүүнү каалаган жарандар арыз берип катталып, 100 күндүк долбоордун алкагында жогоруда аталган министрликтер менен биргеликте иштелип чыккан баштапкы окуунун стандарттык акысыз курсунан өтүп, жеке ишкерликти ачуу боюнча кеңеш ала алышат.


Бул маселе боюнча кеңешти төмөнкү телефон аркылуу алса болот:

Биринчи Май району - 0312 62 35 02;

Ленин району - 0312 65 68 94.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу