Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен КЭР Өкмөтүнүн ортосунда акысыз жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду

Новости
18-Май 2023-ж.
763

2023-жылдын 18-майында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасына иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри – Данияр Амангелдиев жана КЭР Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү жана Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министри Цинь Ганг Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен КЭР Өкмөтүнүн ортосундагы акысыз жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууга кол койду.


Бул Макулдашууга ылайык, Кыргыз Республикасына эки өлкөнүн ортосундагы техникалык-экономикалык кызматташтыктын алкагында артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн грант бөлүнөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу